Сардаба кырсыгынын сыры жана чыры
Өзбекстандагы Сардаба дамбасы кыйрагандан кийин кошуна Казакстанды кошкондо ондогон айыл-кыштакты суу каптады, жүз минден ашуун киши эвакуацияланды, канчалаганы үй жайсыз калды. Кырсыкка чындап эле табигый кырсык же коррупция менен дамбаны куруудагы мыйзамсыз иштер себеп болдубу? Президент Шавкат Мирзиеев убада кылгандай күнөөлүү адамдар жоопко тартылабы?
Кошуна өлкөлөрдүн макулдугусуз курулган дымактуу долбоорду эл аралык эксперттер текшерип, өз баасын берди беле? Сардабанын ар бир өлкө үчүн жана жалпы аймак үчүн сабагы эмне? Регионалдык суу саясатына азыркы жагдайга жараша кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл?