World News in Kyrgyz

Чукул билдирүү: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Чукул билдирүү:


13-16-июнда өлкөдө туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 14-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.


Абанын температурасы:


Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;


Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;


Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;


Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;


Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;


Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9 градус болот.


Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус болот.

Читайте на сайте