World News in Kyrgyz

Экс-депутат Болот Шер реанимацияга түшүп калды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Болот Шер инсульт болуп ооруканага түштү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна анын бир тууган иниси, парламент депутаты Садык Шер-Нияз билдирди.


Анын сөзүнө караганда, Болот Шер Улуттук госпиталга 11-июнда жаткырылган. 12-июнда комага түшүп калып, дарыгерлер ушул тапта абалын орточо оор деп баалап жатат. Садык Шер-Нияз агасы буга чейин да инсульт болгонун айтты.


Болот Шер Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, 2010-жылы ички иштер министри болгон. (BTo)

Читайте на сайте