World News in Kyrgyz

Белгилүү актриса Жыргал Көбөгөнова дүйнө салды

Белгилүү актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жыргал Көбөгөнова пневмония илдетинен 13-июлда каза болду. Бул тууралуу актрисанын кесиптештери маалымдашты.


Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында төрөлгөн. 8-класстан баштап цирк өнөрүнүн аба гимнастикасы боюнча машыгып, 1964-жылы ачылган кыргыз циркинин алгачкы карлыгачтарынын бири болгон.


1971-жылы “Бий ансамбли” аттуу топтун солисти, 1972-жылдан баштап Ош областтык драма театрында, 1974-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрында актриса болуп иштеген.


Сахнада жыйырмадан ашык спектаклде ойноп, түрдүү образдарды жараткан.


1997-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген мамлекеттик наам алган.


Жыргал Көбөгөнова кыргыз сахнасынын залкарлары, Кыргыз эл артисти Абдыашым Көбөгөнов менен белгилүү актриса Сайрагүл Балкыбекованын кызы болгон.

Читайте на сайте