Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет
Быйыл Кыргызстанда Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу муфтият 21-июлда кабарлады.
Дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев "Азаттыкка" билдиргендей, айт намазын аянттарда окууга чектөө болобу же жокпу, үч-төрт күндө чечилет.
9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген.
Орозо айт майрамы 24-майда белгиленген. Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган эмес. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды телевизор аркылуу түз эфирде куттуктаган. (RK)