АКШнын Жогорку Сотунун судьясына талапкер 25-26-сентябрда тандалат
АКШ президенти Дональд Трамп Жогорку Соттун өткөн аптада көз жумган судьясы Рут Бейдер Гинзбургдун ордуна жаңы талапкерди 25-26-сентябрда көрсөтөөрүн билдирди. Ал "Fox News" телеканалы менен маегинде Гинзбург менен коштошуу зыйнатынын бүтүшүн күтүп жатканын айтты. Ошондой эле судьялык кызмат үчүн төрт-беш адамдын талапкерлигине токтогонун кошумчалады.
Жогорку Соттун судьясы, 87 жаштагы Рут Бейдер Гинзбург узак оорудан улам 18-сентябрда каза болгон. Анын орду шайлоого саналуу гана жума калганда бошогондуктан, жаңы судьяны дайындоо маселеси республикачылар менен демократтардын ортосунда кайчы пикирлерди жаратты.
Трамп Жогорку Соттун судьялыгына аял талапкер көрсөтөрүн, ал 3-ноябрдагы президенттик шайлоого чейин дайындалышы керек экенин айткан. Демократтардын атынан президенттикке талапкер Жо Байден Трамптын судьяны чукул арада тандоо планын "кызмат абалынан аша чапкандык" катары баалаган жана бул чечимди шайлоодон кийинкиге калтырууга чакырган.
АКШнын мыйзамдарына ылайык, Трамп көрсөткөн талапкерди бул орунга бекитүү үчүн Сенаттагы көпчүлүк колдошу керек. Ушул тушта Сенатта 53 республикачы жана 47 демократ отурат.
Кошмо Штаттарда Жогорку Соттун судьясы бул кызматка көзү өткөнчө шайланат жана адатта бойдон алдыруу, миграция, курал алып жүрүү укугу өңдүү бир катар талылуу маселелер боюнча чечим чыгарат.