World News in Kyrgyz

Президент БУУнун жыйынында пандемиянын экономикалык таасири жөнүндө сөз кылды

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мааракелик 75-сессиясында видео кайрылуу таратып, анда пандемиянын өлкө экономикасына тийгизген таасири жөнүндө сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.


Мамлекет башчы пандемияда Кыргызстанга колдоо көрсөткөн өнөктөш өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди.


«Коронавирустун кесепети тышкы карыз маселесине катуу таасирин тийгизди. «Чоң жыйырмалыкка» жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз», - деди президент.


Мындан тышкары Жээнбеков илдеттен жакындарын жоготкондорго көңүл айтты. Президент Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жатып, адам укуктарын, укук үстөмдүгүн жана демократияны коргоого маани берерин билдирди. Жээнбеков Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда Кыргызстанды колдоп коюуну өтүндү.




21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталды. Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат. Быйыл онлайн жыйында 171 мамлекеттин лидерлери сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Жыйын 29-сентябрда соңуна чыгат.


22-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын лидери Си Цзиньпиң кайрылуу жасайт. Кийинки жылдары бул эки лидер тең жыйынга өз дипломаттарын гана жиберип келген. Ушул эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп да сөз сүйлөмөкчү. (TSh)

Читайте на сайте