World News in Kyrgyz

Ажал менен арбашып

6-бөлүм
Бекжан тамекисин тартып, жай үн менен:
Төңкөрүш болуп жатканда сиз Кыймылдын бир тобун жетектегенсиз. Мактанаарлык көп эле иштерди жасагансыңар. Бирок мени бир гана окуя кызыктырат. Кайсы экенин түшүнүп атсаңыз керек.. .
Поезд менен байланышкан окуя болсо керек да.
Ооба, дал өзү, – деп Бекжан башын ийкеди.
Ошондо сиздер поездди токтотуп, биз алып чыгып кетели деген улуттук байлыктарды тартып алдыңар. Бирок ошол жерде эки металл жашик бар болчу. Сиз ошол жашиктерди жакшы заман келгенче деп катып койгонсуз.

Кайсы жашикти айтып жатасыз? Мен эч кандай жашик-пашикти билбейт экенмин.
Билесиз. Бул жашиктерде Казакстанга дагы тиешелүү баалуу кагаздар бар болчу. Бул кагаздар төңкөрүштөн кийин сизге киреше булагы болушу мүмкүн эле. Ошон үчүн сиз ал документтерди катып коюп, кези келгенде алар менен тийиштүү кишилерди опузалайм деп пландагансыз. Сиз Россияга барып, бирок туруктуу жумуш тапкан эмессиз. Азыр бир чакан фирмада иштейсиз. Ушул күнгө чейин биздин адамдар документтер кимде экенин билүүгө аракеттенди. Алар сиздин тобуңузду бүт изилдеп чыгышты. Бирок документтер кимде экенин биле албай койдук. Ошондон улам ар бириңерди өзүнчө колго түшүрөлү, ошондо кимде экени аныкталат деп ойлогонбуз, бирок… Биринчи бешөө кыйнап атканда өлүп калды.
Анын айткандарын адегенде түшүнө бербедим. Мээме жеткенде ордуман тура калып, Бекжанды бир чабайын дедим. Бирок артымда турган дөөдөй эки жигит ийиндеримден кармап, ордума отургузуп коюшту.
– Мен сизге эскертпедим беле, – деди Бекжан жылмайып. – Ооба, алар өлүп калды. Бирок алардын бул документке кымындай да тиешеси жок экенин билдик. Биз жетпеген үчөө гана калган: Жамал Курбанова, Жакин Досбеков жана сиз. Деген менен биз бир аз жаңылып калыппыз. Жакин Досбеков өз алдынча иликтөө жүргүзүп, бизден да озуп кетиптир. Аны кармайлы дегенибизде биздин үч жигитти жайлап коюп, качып кетти. Убакытты өткөрбөй Жамалды кармаш керек болду. Менин жигиттерим аны кечинде ресторанга барып, үйүнө кайтканда колго тушүрмөй болушту. Бирок күтүүсүз жерден Жакин Досбеков пайда болду да, биздин башыбызды чаташтырып, жигиттерди аткылап, Жамалды алып кетип калды. Экөөнү тең кармай албай калдык.
Демек, «Жалындагы» Жакин турбайбы.
Буга деле капа болгон жокпуз. Алар азыр биздин колдо, документтерди сиз алган экенсиз. Биз Жамалдын атынан сизге кат жазып, келишиңизди күтүп атканбыз. Сиз бат эле келгениңиз менен аябай сак жүрүп, такыр карматпай койдуңуз. Андан соң капыстан эле «Фламинго» клубуна келип калдыңыз. Ал жакта менин эки адамым иштечү. Ал экөөнү өлтүрүп, полициянын жинине тийдиңиз.
Демек, алар сиздин адамдарыңыз экен да? Мен аларды Жолбердиев жөнөткөн деп ойлогом.
Бекжан чекесин тырыштырып, сөздү бөлбөй туруумду суранды.
Бул учурда Россиядагы «Интернейшнл банкта» иштеген Макс Шубин деген көзүбүзгө чалдыкты. Көрсө, сиз менен «Фламингого» чогуу барган ошол экен, кийин да коштоп жүрдү. Биз аны да текшерип көрдүк. Күтүүсүз жагдайлар пайда болду. Бул адам бир жумадан бери жоголгондорду издеп жүрүптүр. Аны кылдат изилдеп көрсөк, мындай адам «Интернейшнл банкта» иштебейт экен. Тагыраак айтканда, ал Макс Шубин эмес болуп чыкты.
Анан ким экен?
– Чыныгы Шубин эс алууга кеткен бойдон дайыны жок имиш. Бул жактан Шубин бир өлкөнүн агенти деген тыянак чыгарса болот.
Бул мен үчүн таптакыр күтүүсүз кабар болду. Муну кийинчерээк ойлоном, азыр кунт коюп угуп турайын дедим.
Сиз кандайча колго түшүп калдыңыз? Оңой эле, бирок күтүүсүз жерден. Биз Элина Дилмухамедова Жолбердиевдин агенти экенин билип, аны аңдып жүрдүк. Ал жакка Макс келди. Биз сүйлөшүп алганга убакыт берип жөн койдук да, батирден кетээр маалды күттүк. Бирок Макс аябай сак экен, мен койгон адамды өлтүрүп кетип калды. Ошондо.. .
Максты кантип билип алдыңар? Ал гримденип албады беле… ,
Бекжан корсулдап күлүп жиберди,
– Силерге грим саткан киши менин агентим.. . Ха-ха-ха!
Жаман болуп кеттим.
Биз Элина менен сүйлөшөлү деп кирдик.
Анан?
Бул учурда биздин байкоочубуз тепкичтен сизди көрүп калган экен. Биз сүйлөшүүнү үзүп койдук. Дагы бир өлүмдү сизге илип коюу менен биз эч нерсе жоготпойт элек. Ошентип сиз полицияга түшүп калдыңыз. Анан качууга аракет кылдыңыз. Түрмөдө сизди карап аткан адам да менин кишим. Макул эми.. . Жетиштүүбү?
Билбейм, жетишсиз десем баарын айтмак белең?
Мен айтып бүттүм. Эмки кезек сизде. Башынан эскертип коеюн, бир нерсени ачык айтпай, жашырганга аракеттенсеңиз, сизди кыйнап коебуз. Азыр Кыймылдагыдай эмес, кыйноонун жаңы ыкмалары чыккан. Өзүңүз эле айтып жибересиз, айткандан кийин биз сизди өлтүрүп коебуз. Бул өлүмгө чейинки өтө узак жана татаал жол.
Дагы башка жолуңар барбы?
Ооба, экинчи вариант бар. Сиз документтер каякта экенин өз каалооңуз менен айтып бересиз да, менин агентим болун каласыз. Жакшы айлык аласыз, мага сиздей агенттер керек. Макс, Жамал жана Жакинди өлтүрүү -бул сизге берилген биринчи тапшырма болот. Албетте, бул тапшырманы аткарганыңызды менин адамдарым карап турат. Мен айтчу нерсени айтып бүттүм. Ойлонууга убакыт жок.
Мага виски бергилечи, – дедим мен.
Ооба, баса, бул сиз сүйгөн ичимдик экенин, ансыз чечим кабыл алуу кыйын экенин таза унуткан турбайымбы, – деди Бекжан жылмайып.
Ал дубалга барып, бир кнопканы басты эле, бар ачылды. Бөтөлкө менен эки стакан алып келди. Мен бир стаканды түгөтө ичип:
– 0’кей! Мен экинчи шартыңарга макулмун, – дедим.
Үстүмдөгү кароолдун кийимин чечип, кычыраган костюм кийдим. Андан соң көзүмдү таңып, бир жакка алып барышты. Бир топ жол жүргөндөй болдук. Машинеге түшкөндө көзүмдү чечип коюшту, Казакстан талааларында кетип баратканыбызды көрдүм. Бекжандын резиденциясынан көргөн лөкүйгөн төрт жигит менин жанымда экен. Бекжан менен сүйлөшкөндөн бери төрт күн өттү. Мен аларга документтер каякка катылганын айтып бердим. Документтер табылгыча мени камерага камап коюшту. Үн-сөзсүз нымтыраган бирөө тамак алып келет да, кайра чыгып кетет. Ошентип, менде маалымат алуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.
Төрт күндөн кийин Бекжан мени өзүнө чакырыптыр. Аны алдабаганыма ыраазы болгонун айтты. Документтер колунда экен. Эми алдыда кийинки тапшырма турган. Мен Жамал, Жакин, Макстарды таап, аларды жайлашым керек эле. Бир нерсе кылбасам болбойт, башка айлам жок. Бекжандын ишенимине кирүү зарыл. Мени Жолбердиев издеп жүргөндө резиденцияда кармашкан экен. Эми азыр андан да, Макстан да кабар жок. Баарынан да Макс менен сүйлөшкүм келди. Бекжан аны бир өлкөнүн агенти деди. А эмнеге мага өзү айткан жок? Жансакчыларымдан тамеки сурап тарттым. Камакта отурганда тамеки жок жинди болуп кете жаздагам. Бекжан ишти каяктан баштаарымды сурады. Мен Алматынын чыгыш тарабынан деп койдум. Мени ошол жакка алып баргыла деп буйрук берди. Ошентип кесиптештерим болуп калган ушул төртөө менен чогуу бир машинеде кетип баратам.
– Ушу жерден түшөлү, – дедим.
Артымдан экөө кошо түштү. Экөөнүн тең бою меникинен жапыз болгону менен дене түзүлүштөрү олбурлуу, бука моюн, буура сан. Булчуңдары бултуят. Үчөөбүз чогуу мен Темирбек менен мушташкан кафеге бардык. Мени көрөөрү менен бармен акырая бир карап, анан кайра күлүп:
Саламатсызбы! – деди.
Долон, – деп тааныштырдым өзүмдү.
– Аа, Долон мырза, кызматыңыздабыз. Сизди көргөнгө дайыма кубанычтабыз.
Мен ыраазы болгондой күлүп койдум.
– Досторум менен тамактанып алалы деп келдик. Кандай тамак жээрибизди булар айтат.
Жигиттер мени таң калып карады.
– Бу жерден мен Жакин тууралуу бир нерсе билишим керек, – деп айткандан кийин унчукпай калышты.
Тамак ичип атып, телефонго эки жолу барып «нөлдү» бурадым. Мени коштоп барган жигит өмүрүндө телефон көрбөгөндөй жалдырайт. Тамактанып бүткөндө саат беш жарым болгон. Үстөлдөн туруп, барменге бардым.
– Темирбекти көрсөңүз айтып коюңузчу, мен бул жерге саат тогузда кайра келем.
Сөзсүз айтып коем, – деп бармен башын ийкеди.
Мен келгиче күтүп турсун. Рахмат сизге!
Жигиттерге келдим да:
– Мен бир маалымат билдим, мен көрсөткөн үйдү текшерип көрүш керек, – дедим.
Кафеге жакын жердеги подъездге кирдик. Мен аларды буттун учу менен уурданып басканга мажбурладым. Араң дем алып келатышты. Ушинтип бешинчи кабатка чейин алып чыктым. Иштин баары ушул жерден башталды. Дароо артка кайрылдым да, алардын артынан бирөөнү көргөндөй көзүмдү алайтып карадым. Алар чочуп артына кайрылганда бирөөнү экинчисине түртүп салып, тепкич менен өйдө көздөй чуркадым. Баары жыгылып түштү. Алардын жыгылганын уксам да, токтогон жокмун. Чатырга чыксам, кача турган жол жок экен. Жанаша турган үйлөрдүн баары жапыз. Аларга секирип бутумду сындырып алгым келген жок. Түтүн чыккан мор көзүмө урунду. Ошол түтүккө кирдим. Бул жерге мендейлерден экөө батса керек. Ойлонбостон ичиндеги темирлерге жабышып, ылдый жыла баштадым. Терең түшкөндөн кийин, бир жерден токтодум. Ошол жерде бир сааттай отурдум да, кайра жогору чыктым. Эки жагымды акырын карасам, шектүү эч нерсе көрүнбөдү, чатырга чыгайын дедим. Келген жолум менен тепкичке кайра келдим. Подъездден чыгып, баягы грим сатып алган дүкөнгө жөнөдүм.
Салам, досум, – дедим сатуучуга.
Саламатсызбы,. – деди мени көрүп таң калып.
Бекжанга телефон чал, мен аны менен сүйлөшүшүм керек.
Мен…
Жакасынан тырыштыра кармадым да:
– Бол, батыраак! – дедим.
Ал кыйылып араң кыймылдай баштаганда ачуум келип, бир муштасам, кулап түштү. Ордунан турганда: – Шефиңе тезинен телефон чалып, «Бекен Мелисбеков сиз менен сүйлөшөм деп жатат» деп айтасың. Мен анын агенти болом.
Анда эмнеге ал сизди тапкыла деп буйрук берди?
Аа, мен анын жигиттерин анча-мынча окутуп койгом. Азыр аны менен сүйлөшүшүм керек болуп жатат.
Сатуучу номурларды терип атканда, анын баарын жаттап калганга аракет кылдым. Трубканы кулагына такап турду.
– Бекжан мырза, бул Файзулла… . Жанагы жигит өзү келди.. . Сиз менен сүйлөшөм дейт.. . Билбейм.. .
– Макул.. .
Файзулла трубканы мага берди.
Алло, Бекжан мырза. Бул Бекен.
Бул эмне кылганың?
Сиздин кеңкелестериңиз менен иштегенден майнап чыкпайт деген жыйынтыкка келдим. Ошон үчүн аларды жоготтум, бирок өз милдетимди аткара бермекчимин. Убада бергендей Жакинди өлтүрөм.
Анан?
Бирок мен бир нерсени суранат элем. Мага эркиндик бериңиз.
Бекжан трубкага оор дем алып, кырылдап сүйлөдү:
– Макул, бул иш сенин колуңдан келет. Канчалык эрте болсо, ошончолук сага да, мага да жакшы.
Күлүп койдум.
– Трубканы Файзуллага берчи, – деди Бекжан.
Файзулла беш мүнөттөй Бекжанды угуп туруп, телефонду ордуна койду.
– Бекен мырза, мени менен жүрүңүз.
Биз кошуна бөлмөгө кирдик. Ал мага бир тапанча берип, билгенимди ага кабарлап туруумду суранды. Андан соң мен дүкөндөн чыгып кеттим.
Артымдан жол-жол күрмө кийген бир киши аңдып келатканын байкадым. Аны баягы мен моруна жашынган үйдүн тепкичинен көргөн элем. Баары бир эркин жүрбөйт экенмин да.
Ошентип, менин ойлогон оюм таш капты: Алар мени дайыма аңдып жүрүштү. Ошентсе да, бир нерсе жасаганга үлгүрдүм.
Эч нерсени байкабагандай болуп көчөдө бараттым. Эки кварталдан кийин дагы бир куйрукту көрдүм. Бекжан тобокелге салгандан корксо керек. Ичимден күлүп коюп, жолумду уладым. Көп өтпөй Темирбек менен жолугушканы кафеге жетип келдим. Ал али келе элек экен, четки үстөлдөн орун алдым.
Көп күттүрбөй эле Темирбек да келип калды. Залга көз жүгүртүп, мени тапты да, заказ берген соң менин жаныма келип отурду. .
Кандай, «Кайыш касап»? – деди ал.
Жакшы, өзүң?
Сакалың жок болгонунан дароо тааныдым.
Көрүшкөнүбүзгө кубанычтамын, Темике, – дедим.
Сени издеп атат деп айтышты эле.. .
Ошондой. Мен бир балээге жолуктум, сенин жардамың керек болуп жатат.
Мен сага карызмын да. Эмне жардам керек?
Менин артымдан аңдып жүрүшөт. Эми сени дагы аңдышат.
Кимдер? – деп сурады бүшүркөй.
Уюмдагылар.. . Азыр мен сага бир номур берем, ал кимге таандык, кайсыл жакка орнотулганын билип беришиң керек. Этият бол, куйруктардан арылууга аракет кыл. Сен кандай иш менен алектенип атканыңды алар билбеши керек.
Макул, – деп Темирбек арагын жутуп жиберди.
Азыр мен кетем. Эртең ушул жерден, ушул эле убакта жолугабыз.
Мен кафеден чыктым. Куйруктар артымдан калбай ээрчип келатат. Мен деле алардан качууга аракет кылган жокмун. Жөн гана түнкү Алматыда сейилдеп алайын дедим.
!—nextpage—>
7-бөлүм
Чыгыш райондогу «Достук» аттуу кичинекей мейманканага жайгаштым. Терезелери короого караган чоң бөлмө беришти. Душка түшүп, көтөрө келген колбаса, нан-пан менен шам-шум этип алып, катуу чарчаганга уктап кетипмин. Жети саат уктап турсам, башым кадимкидей салмактанып, денем оорлошуп калыптыр. Мейманкананын ичинде ресторан жок болгондуктан, эртең мененки тамакты жакын жердеги кафеден ичүүгө туура келди. Менин аңдуучуларым ордунда экен. Бул жолу машине менен башка адамдар аңдып атыптыр. Тамак ичип бүткөндөн кийин бир бөтөлкө виски алып, абалымды ойлондум. Менде эки-үч күн гана убакыт бар. Андан ашык беришпейт, өлтүрүп коюшат. Алардан качып кутула албасымды билем, ошон үчүн өлтүрүп коюшканы деле жакшы. Бул уюмдун бардык жерде адамдары бар экен. Албетте, Жолбердиевге чалсам болот эле, бирок телефондон мага бир сөз айтканга дагы мүмкүнчүлүк беришпейт болчу. Анын үстүнө бөлмөмдө телефон жок, көчөдөн чалсам оңой эле булардын колуна түшүп бермекмин. Баарынан да Темирбектин тагдырына кабатырландым.
Бекжан мени өзүнүн уюмунда калтыргысы келип жатканына көзүм жетти. Макс менен Жакинди, Жамалды өлтүргөндөн кийин гана ал мага ишеним артмак. Менде бир гана жол бар. Тез аранын ичинде Жакинди табышым керек.
Темирбек мен суранган ишти бүтүрөт. Эгер мен жолугушууга келе албай калсам, ал экөөбүз отурган үстөлдүн астына кат жазып, сагыз менен чаптап коймок. Темирбек менен жолуга албасымды билип турдум, бирок Бекжандын адамдары аны баса калгыча тапшырманы аткарса экен деп кудайдан тиледим.
Көп иштерди бүтүрүшүм керек болчу, ошон үчүн вискини ичип бүтүп, сыртка чыгып, такси кармадым. Аны менен Жакиндин үйүнө бардым.
Бир кабатта төрт батир бар экен. Ошолордун биринин коңгуроосун бастым. Эки мүнөттөн кийин эшикти элүү беш-алтымыш жаштардагы аял ачты. «Жакшы болду» дедим ичимден, анткени бул жаштагы аялдар кошуналары жөнүндө көп маалыматтарды билет эмеспи.
– Саламатсызбы, – дедим мен. – Мен Жакин Досбеков боюнча маалымат чогултуп аттым эле. Жазуучумун, ал тууралуу китеп жазайын дегем…
Аял мени бүшүркөй баштан аяк карап:
Саламатчылык. Аа, Жакинби? Билбейм, кагылайын, бир жакка кеткенби, көптөн бери көрүнбөй калды. А сен кимиси болосуң? Жазуучумун дейсиңби, эмне болгон китеп эле? – деп мага жооп бергендин ордуна кайра өзүмө суроолорду жаадырды.
Ооба, эже, жазуучумун. Атым Болот. Жакин Досбеков менен кошуна жашаганыңызга көп болдубу? Ал жөнүндө эмнелерди айтып бере аласыз? – Болушунча жазуучунун образына кирип, мен да китеп жазмак болгон кишимдин өмүр-таржымалына чындап кызыккандай түр көрсөтө тыкылдап суроо бере баштадым.
Мен бул үйдө жыйырма жылдан бери жашайм, раматылык абышкам көзү тирүүсүндө балдарым жашайт деп алып койгон. Бирок улуу кызыбыз ымыркай кезинде эле чарчап калды, андан кийин кара чечекей уулубуз жашы жыйырмага жаңы толгондо жол кырсыгынан кайтыш болду. Абышкамдын өлгөнүнө төрт жыл болуп калды. Ошондон бери өзүм жалгыз жашап келатам, -деп аял саймедиреп өзүнүн өмүр баянын айтып кирсе болобу.
– Эже, эже.. . Мени Жакин Досбеков кызыктырат, ошо жөнүндө айтсаңыз.. .
– А, балакетиңди алайын, Жакинди айт дебедиң беле, менде кайсы мээ калды дейсиң, ушинтип эмеле айтып атканымды унутуп, башка сөзгө кирип кетем. Жакин биерде былтыртан бери жашайт, Маша деген орус кемпирдин батири бу. Аны кызы келип, Россияга алып кеткен. Батир акысын Нина деген аркы домдо турган курбусу алып, Машага почта менен салып турат.
Дагы темадан алыстап баратканын байкап, кайрадан:
Аа, жакшы экен, эже. Жакин жөнүндө айтсаңыз, -деп өтүндүм.
Жакин жакшы жигит, дайыма көргөн жерден ал-жай сурап, жалпаңдап учурашып калат. Бир жаман жери бойдок, анткен менен анча-мынча үйбүлөлүүлөрдөн өйдө жашайт. Качан көрсөң чыкыйып кийинип алып, бир жакка кетип баратканын көрөсүң. Болбосо жууп-тараган келинчеги жок жүдөп калат эле да.
Бирөө жарым келчү беле үйүнө?
Аны кайдан билдим, балам. Көзүм менен көрбөгөн соң калп айтып, кудайга күнөөкөр болбоюн. Башка бойдоктордой болуп, отуруш уюштуруп, ызы-чуу кылбайт. Китеп жазам десең башка жакшыраак билген бирөөлөрдөн сура, кагылайын, биз короодон же тепкичтен жолугуп калганда учурашканыбыз болбосо.. .
Макул, эже. Рахмат сизге, жакшы калыңыз. – Аял менен коштошуп, сыртка чыктым. Эми эмне кылсам, Жакинди кайдан издесем деп ойлонуп, кыжаалат болуп турганда алиги аял артымдан чыгып, «бери кел» дегендей кол жаңсап чакырды. Мени чакырып жатып, короону сыдыра карап алууга үлгүрдү. Балээ баскыр, сүйлөшөөргө киши таппай таза зеригип турган неме беле, дагы ар кайсыны айтып, башымды оорутканы турабы деп зааркана басып бардым.
Эмне болду, эже. Бирдеме эстедиңизби? – десем эмеле эрди-эрдине тийбей бежиреп сүйлөгөн эжем жок, «артымдан келе бер» деген тейде белги берип, унчукпай тепкич менен өйдө басты. Батирдин эшиги чоң ачылып, аялдын артынан ээрчий караңгы коридорго кирдим.
– Кириңиз. Мен Асел айымга сиздин келгениңизди айтайын, – деп кетип калды.
Заматта сүйлөөктөн унчукпаска, үйдүн кожейкесинен кызматкерине айланган аялга айран таң калып турдум.
«Эмне үчүн бул мени үйүнө киргизди? Үй кызматкерлери кожоюну уруксат бермейинче чоочун адамды киргизчү эмес эле го…» деп ойлонуп атканда тиги аял келип, оюмду бузуп салды.
– Болот мырза, сизди Асел айым кабыл алмак болду. Жүрүңүз.
Бир чоң эшикти көргөзүп, «ушу жакка кир» дегендей ишаарат жасады. Эшикти ачып, укмуш сонун жасалгалуу бөлмөгө кирдим. Жумшак килемине бутум кирип кетип жатты. Жапыз диванда бир аял ары карап отуруптур. Жанындагы үстөлдө коктейл куюлган бакалдар бар. Мага анын далысына түшкөн саргыч кызыл чачтары гана көрүнүп турду. Баскан кадамдарды угуп, мен тарапка кайрылды.
Акыры жолуктук ээ, Бекен?
Саламатсыңбы, Жамал, – дедим.
Мен Жамалды караган бойдон нес болуп туруп калдым. Анткени аны биерден жолуктурам деп күткөн эмесмин. Мурдагыдан башкача болуп калыптыр. Чачынын өңү, кийген кийими. Бирок көз карашы баягы эле Жамал. Өзүн Асел деп атап алганы да табышмактуу болуп жатты.
– Эмне делдейип туруп калдың? Отурбайсыңбы? – деди нааразы болгондой түр менен.
Жамал мурдагыдан да чырайлуу болуп калыптыр. Таң калган бойдон отурдум.
– Мен сени көп күттүм, – деди шыбыраган үн менен, – акыры келдиң.. .
– Жамал, мен сени издеп жүрдүм. Сен мага көп нерсени айтып беришиң керек, – дедим.
Өңү дароо өзгөрүлүп, кабагы түйүлө түштү.
Тилекке каршы, мен өзүм дагы билбейм.
Жок дегенде биздин балдар эмне болгонун айтып бер да, – дедим. – Жакин кайда?
Макул. Бул окуя эки жума мурун болду. Жакин «тезинен жолугушубуз керек» деп кат жазып жибериптир. «Жалын» ресторанында жолукмай болдук. Мен ошол жакка бардым. Бир аз кечигип келди дагы, биздин топтун мүчөлөрүнө белгисиз бир уюм аңчылык кылып атканын айтты. «Азыр экөөбүз гана калдык» деди. Анан ресторанда дагы бир кишилер пайда болду.
Алар ким экен?
Мен билбейм ким экенин. Жакин тапанчасы менен аларды аткылай баштады., . Биз башка эшиктен качып чыктык. Артыбыздан кууп келатышты. Караңгыда Жакинди жоготуп койдум, бирок өзүм качып кетүүгө үлгүрдүм. Үйгө же жумушка барууну туура көрбөдүм. Бир топ убакыт отелде жашадым, кийин сени эстеп, кат жазып жибергем.
Качан жаздың?
Эки жарым жума мурун.
Ээ? Анан?..

Анан бул жакка келип жайгаштым. Сени келип Жакиндин жоголуш себептерин иликтеген соң бул жакка баары бир келээриңе ишенип, күтүп отурдум.
Тиги аял кимиң болот?
Бул үйдүн кожейкеси. Жакин жоголгондон бери кимдир бирөөлөр келип, бу бечараны да коркутуп-үркүтүптүр. Мен баарын түшүндүргөн соң бири-бирибизди эш тутуп, ушинтип чогуу жашап калдык.
Ошон үчүн жанатан бери мага жомок айтып жаттыбы? Артист болсо жарашмак экен, мен айтканынын баарына ишенип, кетмек болуп калгам.
Ооба, – деди Жамал күлүп. – Сактык иретинде ошентүүгө туура келди. Сени терезеден көрүп, тааный коюп чакыртпадымбы, көрбөсөм кетип калмак экенсиң да.
Отурасыңбы анан ушу жерде эле? Же бирөөлөр менен байланышып жатасыңбы?
Киргенден бери батирден чыга элекмин. Эч кимге көрүнө да, байланыша да элекмин. Ошол.. .
Демек, сен Жакиндин каякта экенин билбейт экенсиң да?
Жок, таптакыр билбейм. Эми эмне болун жатканын сен айтып бер?
Мен өзүм деле толук биле элекмин.
Жакин сени билсе керек деген.
Ал жаңылышат. – Үстөлдөн тамекини алдым. -Мындан ары эмне иш менен алектенейин деп жатасың?
Сени менен кеңешейин дегем. Балким полицияга кайрылуу керектир?
Жок, кереги жок. Бизде эч кандай далил жок да. Анын үстүнө полициянын колунан эмне келмек эле? Менимче, баарынан мурда Жакинди табуу керек. Ал тууралуу чын эле эч нерсе билбейсиңби?
Айтпадымбы сага!
Ой, макул. Мен жөн эле сурадым.
Тамеки күйгүздүм, ага сунсам, «жок» дегендей башын чайкап койду.
– Сага Жакин эле керек экен да, – деди таарынгандай тултуюп.
Ошол жерден өзүмдү кармай албай кеттим.
– Макоо десе, сен айланаңда эмне болуп жатканын
түшүнбөйсүң! Сенин бир эмес, беш досуң өлдү. Кезек
Жакин экөөңөргө келди. Сен болсо камаарабай, жылуу
уяңда отурасың. Жок дегенде Жакинди издеп койсоң
боло. «Экөөбүз бөлүнүп кеттик, андан ары билбейм» деп
коюп, отурасың. Кыймылдагы кезди унуттуңбу? Агезде
«качан бизди өлтүрүп кетет?» деп калчылдап отурбай,
биринчи өзүбүз кол салчу элек го. Ошон үчүн тирүү кал
чубуз. Биринчи сен өлтүрбөсөң, досторуң менен өзүң
өлөсүң.
Мен чарчагандыктан, креслого сүйөнө кеттим. Жамал менин жаныма келип, чачыман сылады.
Кайгырба, Бекен, Жакинди сөзсүз табабыз.
Мен ойлонушум керек, мага виски куйчу, – дедим.
Сага куйбаганда кимге куям, – деди кылыктана.
Вискини алып келип, жаныма отурду.
«Жамалды бул жактан тезинен алып чыгып кетишим керек» деп ойлодум. Кечинде мен Темирбектен штаб-квартиранын дарегин билем да, Жолбердиевге телефон чалам. Мындан ары бул иш менен ошол алектенсин. Бирок Анвар штабды курчоого алгычакты Бекжан менен жекеме-жеке сүйлөшүшүм керек. Мен Жамалга бир сыйра көз жүгүртүп чыктым. Халатынын этеги бир аз ачылып кетти эле апакай сандары мени өзүнө тартты. Колумду тизесине коюп, өйдө карай сылап кирдим. Ал көздөрүн бакырайта мени карады.
– Бекен, – деди шыбырап, – мен сени сүйөм.
Эриндери эриндериме жакындады. Мен да каршылык көрсөткөн жокмун. Экөөбүз көпкө чейин өбүштүк, сагынышып калыппыз. Буга чейин Жамалды мынчалык каалаган эмесмин. Дайыма келинчегимди ойлоп, өзүмдү тыя берчүмүн. Азыр өзүмдү болушунча эркин койдум. Жамалдын халатын чечсем эле жыпжылаңач боло түштү. Чоло жерин калтырбай аймалап өөп жаттым. Ал дагы эч бир каршы болбоду. Тескерисинче, акырын кыңкыстап алып, көзү сүзүлүп, менин эркиме баш ийди. Көптөн бери эркек менен болбогондой, эркек жытын сагынгандай көрүндү, мен деле ошол, акыркы жолкусу эсимде жок. Экөөбүз тең «ачка» болгондуктан, бири-бирибизди болушунча сугалактанып «сугунуп» жаттык. Ырахаттын туу чокусуна жеткенде бир саамга үн-сөзсүз жатып калдык.
Кучагымда жатып:
Бекен, мен сени чын эле таптымбы? – деди.
Ооба.
Ушул жолугушууну көптөн бери эңсеп жүрбөдүм беле. Өзгөчө жансың, ээ? Эч ким сага окшошпой койду го, чиркин. Сени дагы эле каршы болуп коебу деп ойлогом.
– Көрсө, мен деле сени сүйөт окшойм.
Мен жылаңач Жамалдын аппак денесине суктанып, төшөктө жаттым. Ал жылаңач бойдон ваннага кирип кетти. Он беш мүнөттөн соң кайра чыгып, суу чачтарын кармалап, башка бөлмөгө кетти. Менин карап турганымды байкаганда кылчайып:
– Көзүңдү жум, шүмшүк, – деди күлүп.
– Мени менен төшөктө жатканда уялбай эле эми уялып калдыңбы? – дедим мен да жөн калбай.
Экөөбүз чогуу өткөргөн ар бир мүнөт кайталангыс, керемет көз ирмемдер эле.. . Бул жомоктун бүтпөшүн каалап турсам да, сыртта мени ырайымсыз турмуш күтүп турган. Кечки саат алты болуп калды, аңдуучуларымды дагы ушунча убакыт күттүрүп койгонум туура эмес го деп ойлодум. Керебеттен туруп, шаша-буша кийиндим.
Жамал ачык түстөгү халат кийип, башына сүргү оронуп, аркы бөлмөдөн чыгып келди.
Жамалка, – дедим, – даярдан. Азыр экөөбүз бир жерге барабыз.
Бекен, менин чачым суу да, – деди каршы болгондой.
Бир нерсе кылып кургата кой.

Канча убактым бар? . – Бир саат.
Аиий, кантип жетишем? Барбай эле койсомчу.
– Койчу, билесиң го, мен көп сүйлөгөндү жактыра бербейм.
Ал үшкүрүнүп алып, кайра тиги бөлмөгө кирип кетти. Мен телефонду алып, Бекжандын агенти – жанагы дүкөнчүгө чалдым. Трубканы дароо эле көтөрдү.
– Алло?
Угуп жатам.
Мен эле, Бекен Мелисбеков. Ким бул?
Файзулламын. Эмне болду, Бекен мырза?
Мен Курбанова сулууну таптым. Эми Жакиндин артынан түштүм.
Бир мүнөттүк жымжырттык өкүм сүрдү. Андан кийин Бекжандын калчылдаган үнү угулду:
Мелисбеков, сенсиңби?
Ооба.
Тезинен алып кел.
Алпаралбайм.
Эмнеге?
Ал мага Жакинди тапканга керек.
Ал бизге да керек.. .
Жакинди талкандан кийин жайлап салсам болобу?
Аларды мага тирүү алып келишиң керек.
Мейли анда, 3-4 сааттан кийин алпарам го.
Аракет кыла бер, Мелисбеков!
Макул.
Сен мага жага баштадың.
– Сиз дагы, – дедим да, трубканы коюп атканда «тырс» эткен бир дабыш угуп калдым. Эки аттап Жамал кирип кеткен бөлмөнүн эшигин ача салсам, ал туташ телефонду коюп атыптыр. Мени көрүп өңү кубарып, көздөрү алайып кетти.. .
Мен чөнтөгүмдөн тапанчамды сууруп чыктым.
Сен баарын угуп турдуңбу?
Ооба.. .
Анда бул сенин өмүрүңдөгү билип алган акыркы нерсе.. .
Бул не дегениң?
Менимче, Жакинди мен өзүм эле таба алам. Сен ушул жерде өлөсүң.

Мени «өлтүрбө» деп буйрук беришпедиби сага? Көздөрүн тапанчадан албай карап турду.
Мага эч ким эч качан буйрук берген эмес. Мен тобокелге сала албайм. Эгер жеңилип калсам, мени өлтүрүшөт. Андан көрө мен сени атып салам. Тапанчаны көтөрдүм.
Макул, эми сен баарын билсең болот. Мени капканга түшүрүп алышты, ошондуктан башымды сайып, сени издей баштадым. Капканга түшүргөндөр мага кызыкпаганда мен эчак эле өлүп калмакмын. Алар мага эки вариантты сунуш кылышты – же өлүшүм керек эле, же аларга иштешим керек болчу, – дедим күлүп.
Анан сен кайсынысын тандадың?
– Акыркы убакта мен бул жашоодо өзүңдүн өмүрүңдөн башка баалуу нерсе жок экенин түшүндүм. Мына ошентип, мен аларга иштей баштадым. Мага сени менен Жакинди зыян келтирбегидей кылуу буйругу берилген. Зыян келтирбегидей! Демек, сени азыр өлтүрүп салууга да укугум бар.
Бекен, мен сени тааныбай турам. Мурда сен таптакыр башкача болчусуң.
Азыр мен дал ушундай болуп калгам, сулуу. Андан бери көп өзгөрүүлөр болду да. Мени кечир, кош!
– Токто! – деди Жамал жаны чыгып кете жаздап.
– Эмне болду? Келмеңди айтканды унутуп калыптырсыңбы?
– Бекжанга чал.
Мен ордумдан кыймылдаган жокмун.
– Бекжанга чал деп атам мен сага! Мен анын агентимин, – деп башка катуу адамга айланып кеткендей болду.
Мен Файзулланын номурун тердим.
Бул мен кайрадан, – деп Жамалды карадым. Ал дале менин тапанчамдан көзүн албай турду. – Бекжан өзүндөбү?
Ал азыр эле чыгып кетти.
Тезинен артка кайтар! Бир нерсени тактап алышым керек болуп жатат.
Кетип калбадыбы.
Мага Бекжан керек, – деп кыйкырдым. – Бол тез!
Беш мүнөттөй шыбырттар гана угулуп турду. Бул учурда мен Жамалды кунт кое карап, «Кантип эле бул бизди сатып кетти? Мен саттым, бирок меники башка кеп эмеспи» деп ойлонуп аттым. Ал таптакыр чоочун адамдай болуп турду. Бир гана тамеки тартып атканда колу аз-маз калчылдаганын байкадым.
Күлүп жибердим.
Бекен, эмнеге күлүп атасың?
Сага күлүп жатам.
Бекер күлүп жатасың.
Эмнеге?
Сен дагы мендей эле абалдасың. Экөөбүз тең бир кемедебиз.
Агентмин де, – дедим шылдыңдагансып.
Акмак экенсиң. Кел, бири-бирибизди мазактабай эле коелу. Биз кесиптешпиз да.

Кесиптешпиз, – дедим макул болуп. Трубканы бирөө алды.
Бекжан, бул сизби? – деп сурадым.
Ооба, – деди жаңы жетекчим. – Эмне болду?

Курбанова сулуу сиздин адамыңызмын деп жатат. Ушул чынбы?
Трубканы ага берсең.
Сага бер деп жатат, – дедим Жамалга бир колум менен трубканы жаап.
Ал телефонго келди.
– Ал мени өлтүрөм деди, – деп айтты Жамал.
– Бат эле башыңды айландырып койгон экен, өлтүрөм деп коркутса эле баарын айтып салдыңбы? – деп нааразы болгон Бекжандын үнү угулду.
Өлтүрүп койсо, эмне болот эле? Мунун колунан келмек, – деди Жамал актана.
Макул эми! Экөөңөр Жакин Досбековду тирүү кармап келгиле. Айтмакчы, бул жигит мага абдан жагып жатат. Эгер биз аны өзүбүзгө каратып алсак, көп нерсеге жетишчүдөйбүз.
– Ооба, бул накта жигит, – деди Жамал. – Аны каякка алып баруу керек?
– Файзуллага. Кыргызстандык жигитти кое бер. Сага
эртең келсин. Бүттү.
Бекжан да, Жамал да трубканы койду. Мен бөлмөгө кирдим.
Бул уюмга качан кирдиң эле? – деп сурадым.
Төңкөрүштөн кийин эле. Жумуш абдан оор болчу, анан булар мени сатып алышты. Мен да макул болдум,
– деди ийиндерин куушуруп, тамекисин өчүрдү.
Макул анда, жүрү кеттик.
Кеттик.
Экөөбүз көчөгө чыктык, мен такси кармадым. Жыйырма мүнөттө Темирбек менен жолугушуу белгиленген кафеге жетип келдик. Окуя болуп көрбөгөндөй бат өзгөрдү. Дагы да болсо көп нерсе түшүнүксүз, эмне кылаарымды билбей башым маң.
Саат сегиз жарымда кафеге кирдик. Бош орун жок экен, ошого карабай, бармен бизге бош үстөл таап берди. Айланага көз чаптырдым. Жамалга бардык эркектердин көзү түштү. Ал каалаган эркектин башын айландырып алчудай болуп, чырайына чыгып турган. Бирок азыр Жамалдын оюнда менден башка эркек жок экенин билем. Бармендин жанына бардым. Ал эски таанышын көргөндөй жылмайып койду.
– Долон мырза, күндүзү сизди Макс деген киши сурап келди. «Саат тогузда ушул жерге келем» деп кетти, – деди ал мага.
– Рахмат, – дедим. – Мага эки виски бериңизчи.
Виски куюлган стакандарды алып, Жамалга келдим.
Темирбекти күтүшүм керек эле, бир жагынан Макс да келем дептир.. Ал ким болду экен? Жолбердиев аны агент деди. Бүгүн эмнеси болсо да мен мунун чын-төгүнүнө чыгам. Тамекимди күйгүзүп, Жамалга да бердим. Ал дагы тамеки тартканды үйрөнүп алыптыр. Буркуратат тим эле. Бул көп ойлонгондон экенин мен жакшы түшүнүп турдум. Анткени экөөбүздүн абалыбыз окшош болчу.
Саатты карасам, тогузга жыйырма мүнөт калыптыр. Эшик жактан Темирбектин караанын көрүп калдым. Ал ак көйнөк менен көгүш шымчан бир капталы менен эшиктин кырына сүйөнүп турат. Сол колу менен курсагын кармап алган, колунун асты кызарып, кан болуп жүрөт. Оң колунда тапанчасы бар. Мени көрө коюп, бир нерсе айтайын деди эле, көздөрү жумулуп, кулап түштү. Каны сызылып полго агып, көлчүк болуп баратты. Тапанчасы колунан ыргып, үстөлдүн астына түшүп кеткен. Темирбекти дагы жайлашкан экен. Менин коркконум ушу болчу. Мен үчүн күнөөсүз адамдар ушинтип эле көз жума береби? Кандай кылганда муну токтото алам? Ага чуркап барганы калып, өзүмдү өзүм токтоттум. Байкоочулар көп болчу.
Кафедегилердин баары жабалактап, аны карап калышты. Бир жигит чуркап барып, эңкейип карады да:
– Бул Темирбек турбайбы! – деп кыйкырды.
Жыйырмадай адам аны тегеректеп калды. Мен үстөлдөн турбай отура бердим, кокусунан эле Жамалдын чыканагымды кысып атканын байкадым.
Эмне? – дедим ага карап.
Кетпей тур, мен азыр келем.
Сен каякка?
Дааратканага, – деп ары жакка кетти.
Мен кайрадан Темирбекти тегеректеген адамдарды карадым.
– Өлүп калыптыр, – деген үн кулагыма угулду.
– Ким өлтүргөн муну? Кимдин колунан келди? – деген суроолор жаңырып жатты.
Бул учурда кафенин эшигинен дагы бир киши көрүндү. Бул Макс болчу. Темирбек жакты бир карап алып, мени көздөй басып келди.
– Салам, Бекен, – деп колун сунду.
Салам, жигит. Отур, – дедим.
Бекен, экөөбүз сүйлөшүп алышыбыз керек,- – деди Макс Жамалдын отургучуна отуруп.
Мен дагы ошентип ойлойм, – дедим көзүнө тике карай.
– Алгач мен сага бир суроо берейин. Добулбас байкеңдин жомогун жакшы көрөсүңбү?
Бул суроо күтүүсүз берилди, ошондуктан ойлонбостон эле:
Бул менин сүйгөн жомокчум, – дедим.
Эң сонун, – деди Макс. – Эми бүт карталар ачылды. Бул ишти батыраак.. . – деп сөзүн айтып бүткүчөктү Жамал келип калды.
Таанышып ал, Жамал Курбанова, – деп тааныштырдым.
Макс жылмайып, Жамалдын колун өптү.
– Жамалка, үч виски алып келчи, – деп Жамалды барга жөнөттүм да:- Батыраак сүйлөйүн. Жамал алардын агенти. Мындан бөлүнгөндө сүйлөшөбүз, – дедим.
– Бул ?

Читайте на сайте