Ажал менен арбашып 5-бөлүм
Эки саат убактым бар. Жолбердиевдин сунушу мага такыр туура келбейт. Мен убакыттан утайын деп эле макул болуп койдум. Мени уурдап кетүүгө атайын шарт түзүп, көп деле көзөмөлдөбөй калышканы шексиз. Тамеки тарттым. Ушул учурда башыма бир ой кылт этти. Мына таптым! Эми аракет кылыш керек.
Шымымды чечип, ичине шейшепти, одеялды бурап-бурап салдым да, лампочкага курум менен илип койдум. Эшиктеги кичинекей тешиктен караганда мен асылып тургандай көрүнүп калды. Өзүм эшиктин жанына барып, жашынып туруп алдым да, отургучту жерге катуу бир чаптым. Дароо кыйчылдап эшиктеги кичинекей тешик ачылды. Эгер кароолдун артынан дагы бирөө келип кала турган болсо «өлдүм» дедим. Кудай жалгап, кароол өзү жалгыз эле эшиктин кулпусун ачты. Ал киргенде эле отургуч менен башка бир чаптым. Бир онтоп алып, полго суналып жатып калды. Камеранын ичине сүйрөп киргиздим да, кур менен колу-бутун байлап салдым. Кийимин чечип алып өзүм кийип, белиндеги тапанчасын белиме кыстардым. Жолбердиев берген маалымат бергич төөнөгүчтү ошол жерге калтырдым.
Коридорго чыксам, тыптынч экен. Эшикти сыртынан кулпулап, алга карай жылдым. Жертөлөдөн чыга бериш жердеги торду полицей кайтарып турчу. Ал мени көңүл коюп бир сыйра карады да, колун тапанчасына сунуп баратканда, куралды өзүнө такадым. Калтыраган колдору менен эшикти ачып берди. Кийинки коридорго өтүп кеттим.
– Артыңды кара, – дедим.
Кайрылган соң эми көк желкеге бир муштайын дегичекти болбой бурулуп тапанча кармаган колума бир чапты. Тапанчам ыргып кетти. Бетиме бир муштаганда чалкаман жыгылып түштүм. Башыма эки-үч жолу тээп алды. Эптеп туруп кеттим. Баары бир тапанчама жетмек эмесмин, андан көрө полицейдин куралын алып чыкканына жолтоо болоюн дедим. Муштумумду түйүп алып, ага жулундум. Бирок ал кайрадан тумшук талаштыра бир. койду. Чыдамым кетип, болгон күчүм менен дагы атырылдым. Мага караганда анын бою пас болчу. Меники бир токсон болсо, салмагым токсон килограммдай. Көтөрүп туруп, жерге бир чаптым. Эсин жоготуп баратып, кайра турду. Тапанчама жетээрде арттан бирөөлөрдүн басканы угулду. Мен бурулуп карагыча болбой башыма оор бир нерсе келип тийди. Тизелеп турууга аракет кылганымда экинчи жолу тийди. Ошону менен эсимди жоготтум.
Акырындан эсиме келе баштадым. Көзүмө булуттардын арасынан күндүн нуру чыгып келатканы көрүнөт. Көңүлүм айнып, кускум келип аткансыйт. Бир туруп өзүмдү жомокто жүргөндөй сезем да, ошол учурда көзүмдү ачканга аракеттенем. Көп уктап көздөрүм бири-бирине жабышып калгандай. Араң ачсам мунарыктап, көз айнек тагынган бирөө көрүндү.
– Азыр өзүнө келет.
«Мени айтып жатышат окшойт» деген ой келди. Өзүмө келип, эс-учумду жыйсам, байланган тейде отургучта отурупмун. Колу-бутум чыдатпай сыздап, бир башкача чымырайт, көрсө, бир жумадан бери чынжыр менен байланыптырмын. Башым артка салаңдап турат. Араңдан зорго башымды түздөдүм. Кайрадан оозума кара суу келип, кусуп жибере жаздадым. Дубалдары акталган кичинекей бир бөлмөдө экем. Мен байланган отургуч бөлмөнүн ортосунда туруптур. Бөлмөдө үч адам бар. Жанагы көз айнекчен келишимдүү киши врач болушу мүмкүн, андан сырткары дагы экөө. Бирөө узун бойлуу, чачын ак аралаган. Борсуган алмурут кебетеленип, жүзү бырыш-тырыш. Ачык түстөгү галстугуна бриллиант төөнөгүч кадалган. Анын жанында узун бойлуу, олурайган бирөө турат. Мен турганга аракеттендим, бирок болбоду. Үстөл полго жабыштырылган окшойт.
– Бекен мырза, өзүңүздү кандай сезип жатасыз? – азмаз акцент менен ак чачтуусу орусча сүйлөдү.
Башымды көтөрдүм.
Аябай начар – дей салдым ойлонбой туруп.
Менин жигиттерим буга доза бергенге мажбур болушкан, – деди бучук муруну.
Түшүнүктүү, – деди да, ак чач мага кайрылды: – Менин атым Бекжан. Сиз менен сүйлөшөлү деп уурдап кеттик.
Мени чечкиле, – дедим.
Сиз аябай күчтүү адамсыз да, бизге зыян келтирип коюшуңуз мүмкүн.
Зыян келтирбейм, шайым жок. Чечкиле деп атам.
Сөз бересизби?
Жигитче! – дедим.
Ак чач кол шилтеди эле, врач чечип койду. Мен отургучтан туруп, уюп калган сандарымды, билектеримди ушалап кирдим. Бекжан мага жылмая карап:
– Кабинетте сүйлөшсөк ыңгайлуураак болсо керек, Бекен Мелисбекович. Бирок бир нерсе жасай коем деп курулай убара тартпаңыз, баары бир оюңуз оңунан чыкпайт, – деп жардамчысына башын ийкей, – муну алып келгиле, – деди.
Үчөөнүн коштоосунда бөлмөдөн чыгып, коридор менен бараттым. Ар бир бурчта экиден адам турат. Чөнтөктөрүндө тапанчалары көрүнөт. Акыры биз Бекжандын кабинетине да жеттик. Бөлмөдө бир чоң шкаф туруптур. Мен Бекжандын маңдайындагы креслого отуруп, чөнтөгүмдөн таап алган тамекини күйгүздүм.
– Эмне тууралуу сүйлөшөбүз? – деп сурадым.
Бекжан жылмайып:
Сиздин досторуңуз тууралуу, Бекен мырза. Биздин ким экенибизди билсеңиз керек?
Жок, – дедим түнөрүп.
Кантип билбейсиз? Жолбердиев сизге биз жөнүндө баарын айтып берсе керек деп ойлогом.
Мага эч ким эч нерсе айткан жок. – дедим билмексен боло, анан булар баарын билээрин түшүндүм да: -Макул, менден силерге эмне керек? – деп сурадым.
Мен сизге баарын төкпөй-чачпай айтып берем, бирок сиз да ошондой ачык болушуңуз керек.
Башка айла жок, – дедим мен.
Сообщение Ажал менен арбашып 5-бөлүм появились сначала на Эл китеп.