World News in Kyrgyz

Ажал менен арбашып 4-бөлүм

4-бөлүм
Максты кечки саат сегизге чейин күттүм, ушу убакка чейин келбесе, эми келбейт го. Анын артынан барайын деп чечтим, бирок ачка болчумун, адегенде биз күндүз кирген кафеге барып тамактанып алмак болдум. Мен тамактанып бүтүп калганда чоң колу менен бирөө далымдан кармады, бурулуп карасам, менин ордума Анварлар машинеге салып кеткен алкаш экен. Көздөрү көгөргөн, аябай ачуулуу. Мен ойлонгучакты чоң муштум келип, тумшугума бир тийди да, отургучтан учуп түштүм. Тамагы менен тарелкем кошо ыргыды. Анан ичиме бир тепти эле, өзөрүп, өзүмдү бир саамга жоготуп койдум. Көздөрүмдөн от чачырап кеткендей болду. Бирок тез эле эсимди жыйып, кийинки келтектен буйтап качтым да, өйдө турдум. Кафедегилердин баары айланчыктап калышыптыр, биердегилер мындайды кыя өткөрбөй калсын. Сүрөгөн кыйкырыктар угулду:
Темирбек, сок!..
Ап бали!
Өмүрү эсинен кеткис кылып торойто чапсаң.. . Кыйкырыктарга караганда, алардын арасында мага боору ооруган бир дагы адам жоктой. Темирбек экөөбүздү тегеректеп алышкан. Ал менден эки метрдей ары турат. Ийгилигине маашырланып, коргонууну ойлонгон да жок. Мага жакын келгенде жаак талаштыра бир муштасам, отуруп калды, бирок кулабады. Оң колу көкүрөгүмө келип тийди, бирок өтө катуу эмес. Эми Темирбек абайлап калды. Майда-майда аттап келип, муштаганга аракеттенди, анысы мага тийбей калып жатты. Көрүүчүлөр кайра сүрөп кыйкырып кирди. Мен аркараак жылдым. Кыйкырыктардан эрдемсий түштүбү, кайра мен тарапка бет алды. Өзүмдүн алсыз болуп баратканымды сездим, мурдум менен жарылган эрдимден кан агып, оозума кирип жатат. Чоң колу менен кулак түпкө дагы бир муштады эле жыгылып калдым. Тегеректеп алгандар кыйкырып, ышкырып жатышты. Ал атаандашын нокаут кылган мушкерден бетер моокуму кана дердеңдеп турду. Мени такыр караган жок, ошон үчүн жеңилип калды окшойт. Алдын ала жеңишине манчыркап турганда тизесине бир урдум. Мен ыргып турганымда ал тизелеп жерге кулады. Ээгине келиштире тептим, каракушу менен полго «дүп» эле дей түштү. Бирок мен буга да алымсынбай, бу шүмшүктү биротоло очорултайын дедим да жакасынан кармап көтөрүп туруп, бетине бир муштап, дагы бир тээп алдым. Ушундан кийин ал онтоп, чала жан болуп жатып калды. Мен айланамдагыларды карадым, алардын арасында болуша турган достору болушу мүмкүн да. Жаңылышкан эмес экем. Менден бир аз алысыраакта бирөөсү бычактарын шакылдатып чыгарып атканы угулду. Мен беш секунддай күтүп турдум да, анан чөнтөгүмдөн тапанчамды сууруп чыгып:
– Ии, жигиттер, кимиңер эр жүрөксүңөр? Октор арзан эле турат, мен ага битирленбейм. Силерден албайм бул окторду. Мага бет алган биринчиңердин бешенесин көзөп өтөт! – деп кыйкырып, өйдөгө бир ок атсам, лампочкага тийди.
Курчап тургандар улам артка жылып отуруп, көрүүчүлөр азайды. Сол колума тапанчаны кармап алып, оң колум менен Темирбекти сүйрөп, эшикти көздөй бастым.
– Аны кайда алып баратасың? – деп сурады колуна бөтөлкө кармап алган бирөө.
Мен жылмайдым да, мээлебей туруп дагы бир ок чыгардым. Бөтөлкөсү туш тарапка чачырап, сыныктары кожоюнунун колу менен жаагын тилип кетти. Мындан кийин эч ким суроо берген жок.
Мен жеңим менен бетимдин канын чала-була сүрүп алып, Темирбекти шашпай көчөгө сүйрөп чыктым. Шалкылдап, эс-учун билбеген немени өлүп калбаса экен деп тиледим. Жакын жердеги бир ураган үйгө алып барып, экинчи кабатына алып чыктым да, өзүнө келгичекти жаакка чапкыладым. Караңгы болуп калган, ал мени дароо тааныган жок. Тааныры менен кафеден тирүү чыкканыма аябай таң калды. Колумдагы тапанчаны көргөндө унчукпай оозун басты.
Эми эмне болгонун айтып бер, – дедим мен.
Эмнени?
– Сени машинеге салып кеткенден кийин эмне болгонун айтып бер.
– Алар мени кармап алып, машинеге тыгышты. Башыма мүшөк кийгизип, башка бир-эки жолу заңкылдатты. Көпкө жүрдүк, жарым сааттай. Андан дагы көп болушу мүмкүн, анткени көп учурларда мен өзүмдү билбей калып аттым да.
Анан?
Анан машине токтоду, мени алып чыгышты. Ал жакта сен сүрөттөп берген киши бар экен: семиз, таз баш. Аны беркилер «шеф» дешет экен. Мени көргөндө аябай ачууланды, тигилерди өкүрүп-бакырып, ашата сөгүп болушунча тилдеди. Анан бирдеме деп тапшырма берип, өзү кетип калды. Шефи кеткенден кийин тигилер менден ар кайсыны сурашты, төпөштөп, көзүмдү байлап, көчөгө таштап кетишти. Өзүмө келсем, жолдо баткакка оонап жатыпмын. Ошол.
Мен бир ташка отуруп алып, тамеки тарттым. Темирбек менден тамеки сурады, ага да бердим. Үч мүнөттөй унчукпай отургандан кийин Темирбек менден:
Буга чейин Алматыда болгон эмессиңби? – деп сурады.
Буга неге кызыгып атасың? – деп жерге түкүрдүм.
Эки жыл мурун мен ФСБнын СИЗОсунда отуруп чыккам. Камерада бир кыргыз, эки казак менен отурган элем. Кыргызстандык жигит өзүн «Кайыш касап» деп атачу. Ал орус офицерин жайлап койгон экен, мен болсо эки полиция кызматкерин өлтүрүп коюп түшкөм. Аны дайыма эле суракка сүйрөй беришчү. Бир жолу сурактан алып келген конвоирди кишен менен муунтуп өлтүрдү. Биз качып кеттик, ал болсо бизди калкалап кала берди. Кийин эмне болгонун билбейм. Балдарга «Кайыш касап» менен бирге отурганымды айтканымда алар мага ФСБ өлкөнүн душмандарына караганда анын артынан көбүрөөк аңдыганын айтып беришти.
Анан?

Менимче, ошол сенсиң. Бирок сенин чачың кара, сакал-мурутуң жок болчу. Бирок үнүң кудум ошондой.
Менмин дейли, анан эмне болуптур?
– Андай болсо, сага кол көтөргөнүм үчүн кечир. Менин атым Темирбек, – деп ал мага колун сунду.
– Бекен, – деп анын колун кыстым.
Жүрү, ошон үчүн ичели, – деди Темирбек.
Жок, менин шашылыш иштерим бар.
Жардам берейинби?
Жок, рахмат. Өзүм чечип көнгөм.

Макул анда, эгер жардамым керек болуп калса, жанагы кафеге кирип, мени сура. Эми ал жерде сен өзүбүздүн киши болосуң. Бирок эмки жолкусунда алдабай эле ачыгын айтсаң, жардам берем. .
Макул, — дедим күлүп.
Ал экөөбүз коштошкондон кийин мен Максты издеп жөнөдүм. Анын иши кокус оңунан чыккан болсо, ал дароо эле кайтмак. Бул жерде бир балээ бар экени билинип турду.
Издөөнү Элина Дилмухамедованын батиринен башташ керек эле. Анын үйүнүн жанына кечки саат туптуура ондо барып калдым. Бул жолу эшиги жабык экен, «коңгуроосун бассамбы же баспасамбы» деп эки анжы болуп көпкө ойлондум. Аягында анын батиринин терезесин таптым. Терезеге жакын жерден өрт коопсуздугу үчүн жасалган тепкич өткөн экен, батирге дал ушул тепкич аркылуу кирейин деп чечтим. Акыркы учурда ойго келбеген нерселер биринин артынан бири болуп жатат. Аман калыш үчүн аябай сак болуш керек.
Тепкичтин эң биринчисине эптеп асылдым да, фундаменттин кырын тээп, жогору чыктым. Терезеге чейин менден бир жарым метр эле аралык бар болчу. Ага карниз менен басып жетсе болчудай. Дал ошол жол менен терезени көздөй жыла баштадым. Бөлмөдө жарык күйүп туруптур, мен Элинаны дароо тааныдым. Ал башын бир жагына кыйшайтып, диванда чалкалап отурат. Баягы кылыктанып күлмүңдөгөн айым жок. Терезени түртсөм, үнсүз эле ачылып кетти. Килемге секирип түштүм. Элина кыймылдап да койгон жок. Мен эмнеге анткенин дароо түшүндүм. Апакай көйнөгүнүн сол жагы кызыл канга боелгон. Ага жакын барып, билегин кармап көрдүм, денеси ысык, көн болсо жарым саат мурда өлтүрүлгөн. Бул каргашалуу окуя мен келээрдин алдында эле болгон окшойт. Мен эшик аркылуу кирсем, өлтүргөн адам ушул жерде болгон деген жыйынтыкка келишмек, башка тепкич аркылуу терезеден киргеним жакшы болгон экен деп ойлодум. Полдо жаткан тапанчаны көрө коюп, эңкейип, алып атканымда эшиктин коңгуроосу «чырр» этти. Тешигинен шыкаалап карадым. Оо Кудайым ай, полиция экен!
Мен кайра терезе жакка басып бардым. Биякка кандай кирсем, ошо жол менен эле качып чыгайын деп ойлогом. Ошол маалда эшиктин коңгуроосу кайрадан басылды. Терезеден жерди карасам, ал жакты дагы полиция курчап алган экен. Иттики десе, бу жактан дагы качканга болбой калды. Бир гана куралды, анан сакалды жок кылыш керек. Мен эки тапанчадан тең манжаларымдын изин аарчып, чаптама сакалымды сыйрып салдым. Мунун баарын жашырайын деп шкафты ачканымда Макстын сары жасалма чачы түшүп келди. Ал өзү каякта болду экен? Аман болсо экен деги. Полицейлер эшикти буза баштады. Алардын соккусуна эшик араң эле чыдап жатты. Бузуп киришин күтүп, креслодо отурдум. Анан башка эмне кылмак элем? Акыры эшик да бузулуп, тапырап кирип келген полицейлер менин колума кишен салып кармап кетишти. Эмне кылып атканымды, качан келгенимди сурап да коюшпады. Тез жардам да келип калган экен, Элинанын али муздай элек сөөгүн замбилге салып алып кетти. Ал бечарага эми жардамдын кереги жок. Түз эле моргго алып кетишкендир.
Мен терезелери темир тор менен тосулган, тамекиге ышталган кенедей бөлмөдө отурам. Маңдайымда узун бойлуу, арыкчырай, чокчо сакал бир киши турат. Бул белгилүү Жекшен Бекматов болчу. Оозунан тамекисин алып, улам-улам кайталап сурап атты:
Демек, сиздин бул киши өлтүрүүлөргө тиешеңиз жок, туурабы?
Жок, – дедим ишенимдүү үн менен.
– Элина Дилмухамедовага дагы, «Фламингодогу» экөөнө дагы?
. – Аларга дагы такыр тиешем жок.
Полиция башкармалыгында отурганыма мына онунчу саат болуп баратса дагы инспектор өлтүрүүлөргө күнөөлүү экенимди айтып, ынандырууга аракеттенип жатат, а мен болсо андай эмес экенин айтып, аны ишендире албай жатам. Ал четке кага албай турган далилдерди келтирсе да айтканымдан кайтпай көгөрүп туруп алдым. Туңгуюкка кептелдим. Эгер мен «Фламингодогу» экөөнү өлтүргөнүмдү мойнума алсам, коргонуу үчүн өлтүргөнүмдү далилдеп беришим керек. Анда Элина Дилмухамедованын өлүмүн дагы мойнума илгени турушат. Ал жерде кайдагы коргонуу?
Мага каршы кыйыр далилдер гана бар экен.. . Акырында инспектор мени камерага алып барууну буюрду. Эки кароол коштоп баратты, бул учурда башымда бир гана «бул жактан кантип качып кетсе болот?» деген ой бар болчу. Суракка алып баратканда, алып келатканда качууга такыр мүмкүнчүлүк болбоду. Ар бир бурулушта полиция кызматкери турат, алардын ар биринде курал бар. Бир гана үмүт камерада. Ошол жактан бир айласын табыш керек.
Таш тепкичтер менен ылдый түштүк, мени бир камерага тыгышты. Узундугу үч, туурасы төрт метр болгон караңгы бөлмө экен. Темир тор менен тосулган алакандай терезенин түбүндө үстөл, анын жанында керебет турат. Чак түш болгондуктан, камеранын ичи бир аз жарыгыраак. Үстөлдүн үстүнө чыгып, торду карадым. Аябай эле бекем жасалыптыр. Аны сындырам деп кыялданбай эле коеюн. Бөлмөдө ары-бери басып, анан керебетке жата кеттим. Бул жактан эптеп чыкпасам болбойт! Досторумдун өчүн алып, Максты табышым керек, ал тирүүбү же…
Эки сааттай жатсам да, чыкчу жолду таба албадым. Сурактан башым ооруп, чарчаган окшойм, уктап кетипмин. Кароол шалдыратып темир эшикти ача баштаганда ойгондум.
– Сага конок келди, – деп эшикти ачык калтырып, чыгып кетти.
Мына сага мүмкүнчүлүк! Бирок ким болду экен? Ким болсо дагы анын кийимин кийип чыгып кетем. Керебетке жайланышып отуруп алдым. Бирөөлөрдүн басканы угулду да, Анвардын таз башы көрүндү. Шайтан алгырдыкы! Бул жакка да жетип келген тура. Таң калганымдан тилимди жутуп алгансып, унчукпай үңүрөйүп отура бердим. Бул учурда Жолбердиев камерага кирип, эшикти жапты да, үстөлдөн орун алды. Ага карай атырылайын дегенимде, анын оор басырыктуу үнү мени токтотуп калды.
– Мага атырылаардан мурда сага бир-эки ооз сөз айтып алайын.
Экөөбүз сүйлөшө турган сөз жок, – дедим так кесе.
Баары бир укпаска аргаң жок.
Уккум келбейт, чыгып кет эшикке!
Бул учурда Анвар тапанчасын колуна алды. Мындай курал менен эсептешпеске айла жок эле.
Ии, эмне тууралуу сүйлөшкүң келип жатат? – деп сурадым ачуумду араң баса.
Баарынан мурда сага жакшылык кааларымды айтып коеюн, андан сырткары экөөбүздүн максатыбыз бир.
Кызык экен.
Ошо да. Кызык нерсе. Сени күч менен өзүмө алып келем деп катачылык кетиргенимди мойнума алам. Бали, башка бирөөнү ордуңа коюп, укмуш уюштуруп койгон экенсиң.
Мен күлкүмдү тыя албай калдым.
Ошол, – деп улантты, – сенин артыңдан сая түшүшкөнүн билем.
Эмнеге сая түшүшмөк эле?
Чынын айтсам, эмнеге экенин билбейм. Андан көрө мен сага болгон окуяны башынан айтып берейин, сен мага атырылганыңды токтотуп, сөзүмө кулак сал. Өзүңө эле жакшы болот.
Анын колундагы тапанчасын карадым.
Мен бул окуяга кандайча аралашып калганымдан баштайын, – деди чөнтөгүнөн тамекисин алып чыгып, шашпай күйгүзүп. – Төңкөрүш учурунда силердин бийлигиңер Алматыга мыкты тыңчылардан турган уюмду даярдап, калтырып кетишти. Бул уюм аябагандай чоң болчу. Капыстан эле ал уюм төңкөрүш учурундагы Кыймылда бириккендерге каршы ууга чыга баштады. – Ал менин кызыгуу менен тыңшап атканымды көрүп, тапанчасын чөнтөгүнө салып койду.
Анан?
Анан мен кандайдыр бир илинчээк таап каламбы деп ошол уюмдун артынан түшкөнүмө бир жыл болуп калды. Капыстан эле бул уюм сактанбай-этпей ачык аракеттене баштады. Мага ошолордун башчысы керек. Сага суроолорум бар.
Айта бер, – дедим.
Бул банда эмне үчүн сени, сенин досторуңду кууп жүрөт? Мунун төңкөрүш маалындагы маанилүү нерсе менен байланышы бар экенин көңүлүңө түйүп кой.
Мен тамеки алып, күйгүздүм да, дембе-дем сордум:
– Мен аларга эмне керек экенин жетимиш пайыз билсем керек.
Жолбердиев түздөнүп отуруп, мени биринчи жолу көргөнсүп кунт кое карап калды.
– Бирок мен муну сага айта албайм, – дедим . – Себеби сен деле ошол уюмдун мүчөсү болушуң мүмкүн да.
Ал оозундагы түтүнүн үйлөп, тамекисинин чогун өчүрдү.
– Ооба-ооба. Бирок сен беркилерин айтып берсең, мен дагы бардык карталарымды ачып көргөзөм.
Жолбердиев каршы чыгайын деди, бирок кайра ойлонуп калды.
– Макул, – деди бираздан кийин, – бири-бирибизге айтпай ойнойбуз. Сен аларга эмне керектигин мага айтпай эле кой, бирок аларды кармоого жардам бер.
Ойлоп көрсөм, андан эч нерсем коробойт экен.
Сени менен кызматташсам, досторумду табам деп ишенсем болобу? – деп сурадым.
Муну ошолор эле жасаган болуш керек.
Макул, анда.
Анда угуп тур. Эгер чын эле сен айткан себептен улам артыңардан түшкөн болсо, алар сени кармамайынча тынчыбайт. Сен алардын штаб-квартирасы каякта экенин эле билип берсең болду. Башка эч нерсенин кереги жок. Мен дароо ал жакка атайын чабуулчуларды жиберем. Анан иш бүттү дей бер. Эгер досторуң али тирүү болсо, аларды табуу да оңой болот.
Аны кантип табам?
Күтүшүң керек. Алар сени бул жакка кантип тыгуунун жолун ойлогондон кийин, кантип алып чыгып кетүүнүн дагы жолун билишет.
Демек, мени ошолор алып келген экен да? – дедим.
Муну менден көрбө.
Демек, сен эмессиң?..
Албетте, мен эмес.
Мен кандайча кармалып калдым? – дедим таң кала.

Кимдир бирөө полицияга телефон чалып, Элина Дилмухамедованын батирине ууру киргенин айтыптыр.
Аа, – дедим муштумумду түйүп, – демек, терезеден чыгып баратканымды бирөө көргөн экен да.
Айтмакчы, ал менин эң жакшы агенттеримдин бири болчу, – деди.
Көзүмдү чакчайтып карадым.
– Кандай дедиң?
– Мен аны атайын Жамалга келгендерди байкал турсун деп ошол жерге коюп кеткем. Анын өлүмү мен үчүн чоң жоготуу болду. Бирок мындай оюндар жоготууларсыз болбой койбойт да.
– Демек, бир эле жол – күтүп туруу керекпи?
– Ооба, жалгыз эле ушул жол бар.
Кийин мени бул жактан чыгарып кетишкенде алардын штаб-квартирасы кайда экенин мен сага кантип билдирем?
Жөндүү суроо, – деп мага төөнөгүч сунду. – Муну костюмуңа төөнөп ал. Бул кыска толкундуу маалымат бергич. Биз ошонун сигналы менен жүрүп отуруп, керектүү координаттарды алабыз.
Мен макул болуп, төөнөгүчтү алдым. Анвар үстөлдөн түштү.
– Мен кеттим анда. Менин балдарым СИЗОнун жанында машинеде отурушат. Маалымат бергич иштей баштаар замат алар артыңдан түшүшөт.
– Макул, – дедим.
Экөөбүз кол алыштык.
– Баса, Анвар, мени үч-төрт саат суракка сүйрөшпөсүн, айтып койчу. Жакшылап ойлонуп алганга мага убакыт керек.
Айтып коем.
Рахмат!
Ал чыгаары менен оор эшиктер шарактап жабылды.

Сообщение Ажал менен арбашып 4-бөлүм появились сначала на Эл китеп.

Читайте на сайте