World News in Kyrgyz

22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.  Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот.  Батыштан жел согуп, кээде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.


Абанын температурасы:


Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -7....-12, күндүз -2...+3,


Нарын дубанында түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...+2,


Талас жергесинде түнкүсүн -11....-16, күндүз -1....-6,


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз 1....6,


Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -7...-12 градус болот.


Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -10...-12, күндүз -3...-5 градуска төмөндөйт.

Читайте на сайте