«Барометр» президенттик шайлоо, референдум боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады
“Борборазиялык барометр” уюму Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоо жана референдум боюнча эл арасында сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгын 21-декабрда жарыялады.
Жарыяланган маалыматка караганда сурамжылоого катышкандардын 58% быйыл 5-октябрдагы бийлик алмашууну толук колдой турганын, 73% келерки жылдын 10-январындагы шайлоого барарын билдиришкен.
Сурамжылоого катышкандар, эгер, президенттик шайлоо бүгүн өтсө 64% Садыр Жапаровго, 3% Адахан Мадумаровго, 1% Бактыбек Калмаматовго добуш берерин билдирип, 17% кимди тандоону билбей жатканын айтышкан. Пикирин билдиргиси келбегендер 8%, баарына каршылар 4%, башка себептерди айткандар 3% болгон.
Респонденттердин көбү (76%) Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдорун, ал эми 7% референдум тууралуу кабары жоктугун билдиришкен.
Мамлекетти башкаруу формасы тууралуу суроого 80% президенттик, 14% парламенттик деп жооп беришкен.
«Кайсы саясатчыга ишеним артасыз?» деген суроого 48% Садыр Жапаровго, 11% Камчыбек Ташиевге, 6% Адахан Мадумаровго, 2% Нуржигит Кадырбековго ишенерин билдиришти. Өмүрбек Бабановдун, Артем Новиковдун, Элвира Сурабалдиеванын, Улукбек Кочкоровдун, Өмүрбек Текебаевдин, Жанарбек Акаевдин, Бактыбек Калмаматовдун жана Сыймык Жапыкеевдин ар бирине добуштардын бирден пайызы тийген. Ал эми 30% эч кимге ишеним артпай турганын айтышкан.
Сурамжылоо телефон чалуу жолу менен 9-17-декабрда жүргүзүлгөнү, ага 18 жаштан жогору курактагы 1 миң респондент катышканы айтылды.
Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы партиялардын тынч митинги башаламандык менен аяктаган жана өлкөдө бийлик алмашкан.
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Мамлекет башчылык кызматка 18 талапкер ат салышууда.
«Борборазиялык барометр» өзүн коомдук пикирди сурамжылоо жүргүзүү боюнча 2017-жылы түзүлгөн аймактык, көз каранды эмес, коммерциялык эмес уюм деп атайт. (RK)