World News in Kyrgyz

Артем Новиков Ысык-Көл облусуна иш-сапар менен барат

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш-сапар менен 22-декабрда барат.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Новиков аймактагы  инфраструктуралык жана социалдык объектилердин, ишканалардын иши менен таанышат.


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу буга чейин Ош, Баткен жана Нарын облустарын кыдырып келген.


Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык акциялары жапырт  башаламандыкка айланган. Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда ишин өткөрүп берүүгө аргасыз болгон.


Башаламандык учурунда тарапкерлери түрмөдөн чыгарып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп дайындалып, кийинчерээк президенттин милдетин да аткара баштаган.



14-ноябрда Жапаров шайлоого катышуу максатында президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырган жана премьер-министрликти убактылуу токтоткон.


Көптөгөн талаш-тартыштан кийин Талант Мамытов спикер болуп дайындалып, учурда президенттин милдетин аткарууда. Премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөлгөн.  (NT)




 

Читайте на сайте