World News in Kyrgyz

Чыңгыз Макешов Жогорку Кеңештин депутаты болду

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-июнда Чыңгыз Макешовго (КСДП) Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.


Ал Өзгөн шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу мандатын тапшырган Нодирбек Каримовдун ордуна келди.


Ишкер Чыңгыз Макешов 45 жашта. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Ыйман Нуру" партиясын баштап барган. КСДП партиясынын тизмесинде 62-орунда турган. (МТа)




 

Читайте на сайте