World News in Kyrgyz

Бишкекте көңүл ачуучу жайларга киргизилген чектөө алынды

Бишкекте түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу жайлар, кафелер, караоке менен барлардын кечки саат 23:00дөн эртең мененки саат 7:00 чейин иштешине тыюу салган чектөө жоюлду.


Мындай чечим 21-июнда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынды.


Көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сакташы керек жана имараттын жарымына гана баткыдай кардарларды кабыл алышы зарыл.


Борбордо коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткендиктен 17-июнда айрым чектөөлөр киргизилген. Тейлөө кызматынын өкүлдөрү буга каршы болуп шаар бийлигине кайрылышкан.


Кыргызстанда 21-июнга карата расмий маалымат боюнча, өткөн жылдын март айынан бери оорудан 1 937 киши каза болуп, вирус 115 615 адамдан аныкталды. 105 410 киши илдеттен сакайды. (BTo)




 

Читайте на сайте