World News in Kyrgyz

Аба ырайы: күн ачык болот

Кыргызстандын гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, 22-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.



Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.



Абанын температурасы:



Чүй дубанында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;



Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;



Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…24 градус жылуу болот.



Бишкек шаарында 22-августтарда жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус ысык болот.



Чолпон-Ата шаарында 22-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 22…24 градуска чейин жылыйт.




 

Читайте на сайте