World News in Kyrgyz

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт. 


Абанын температурасы:


Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2…7;


Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 1…6;


Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5 күндүз 2…7;


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…4;


Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-1;


Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13;


Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус жылуу болот. (МТа)




 

Читайте на сайте