World News in Kyrgyz

Министрлер кабинети ишкерликтин 13 түрүн ККМден бошотууну сунуштады

Министрлер кабинетинин сайтында соода-сатык, кызмат көрсөтүүдөгү көзөмөл-кассалык машинелерди колдонуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.


Анда ишкерликтин бул түрлөрүн ККМ аппаратынан бошотуу каралган. Алар:


1) баалуу кагаздарды сатуу;


2) лотерея билеттерин сатуу;


3) шаардагы коомдук транспорттун билетин жана талондорду сатуу;


4) жүргүнчү самалет жана поезддерде тамак-аш сатуу;


5) жеке кызмат көрсөтүү (бала багуучу, үй кызматкери, бакча жумушчусу жана малчы жалдоо);


6) коомдук транспортто жана такси кызматында жүргүнчү ташуу;


7) Салык кызматына реалдуу маалыматты көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар такси жана товар ташуу, курьер кызматы;


8) кол тачке менен жүк ташыгандар;


9) чек ара аймагында эмгек мигранттарынын жалдагандар;


10) патент менен иштеп, өз батирин ижарага бергендер (мейманкана жана күнүмдүк батир берип иштегендер кирбейт);


11) Улуттук банк лицензия берип көзөмөлдөгөн комерциялык банк, микрокаржылык уюм, насыялык союз, каржы-насыяга багытталган уюмдардын кызматы;


12) Улуттук банкка бардык операциялар жөнүндө маалымат берип турган төлөм уюмдары жана операторлордун кызматы;


13) Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык катталган диний уюмдардын ырым-жырымдарга байланыштуу кызматы, адабий китептерди сатуу жана динге байланыштуу ар кандай кызмат көрсөтүүсү;


Мамлекет башчы 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.


Буга чейин “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” өңдүү чоң базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан. (TSh)




 

Читайте на сайте