World News in Kyrgyz

Чукул билдирүү: айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 21-24-июнда аба ырайы туруксуз болуп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.



22-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,



Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,



Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,



Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,



Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,



Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13°.



Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 31…33° болот.

Читайте на сайте