World News in Kyrgyz

19-июлдун аба ырайы

19-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.


Абанын температурасы:


Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 32…37;


Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 29…34;


Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29;


Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;


Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус.


Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.


Чолпон-Атада жаан-чачын жаабайт. Абанын  температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 24…26° болот.


 




 

Читайте на сайте