"Укугубуздун корголушун каалайбыз". Майыптыгы бар жарандардын жүрүшү
Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү башталды. Жүрүштүн катышуучулары 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү.