World News in Kyrgyz

22-сентябрда Ысык-Көлдө, Нарында жана Чүйдө өткүн өтөт

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,


Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28,


Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32,


Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,


Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,


Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13°.


Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 29…31°.




 

Читайте на сайте