World News in Kyrgyz

Сот Туйгунаалы Абдраимовду күнөөлүү деп тапты жана айыппул салды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен күнөөлүү деп табылып, 2 миллион сом айыппул салынды. Мындай өкүмдү 21-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганы расмий кабарланды.


Маалыматты Абдраимовдун адвокаты Самарбек Болотбеков "Азаттыкка" ырастады.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Абдраимовду быйыл 30-апрелде кармаган. Ал "БШКны жетектеп турган учурунда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык "Кайнар" ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган" деп айыпталган.


1-июлда үй камагына чыгарылган. УКМК муну ал келтирилген зыяндын ордун толтурганы менен түшүндүргөн.


Туйгунаалы Абдраимов 2005-2006-жылдары жана 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген. (SE)




 

Читайте на сайте