World News in Kyrgyz

Шавкат Мирзиёев Францияга расмий сапар менен барды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 21-ноябрда Францияга барды. Эки күндүк расмий сапар Франциянын өлкө башчысы Эммануэл Макрондун чакыруусу менен уюштурулганын өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.


Парижде жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Франция парламентинин төмөнкү палатасы – Улуттук ассамблеяда жолугушуу, бул өлкөнүн алдыңкы компанияларынын жана банктарынын жетекчилеринин катышуусунда бизнес иш-чаралар өткөрүлөт. 


Жыйынтыгында ондон ашуун документтерге кол коюу, инвестициялык жана соода келишимдеринин пакетин кабыл алуу пландалууда.


Луврда өзбек маданиятын даңазалаган көргөзмөлөр уюштурулат.


18-ноябрда Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдарлыгын шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел билдирген.




 

Читайте на сайте