World News in Kyrgyz

Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттер 82 миңге жетти

Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда КМШ мамлекеттеринин ичинен Өзбекстандан келген студенттер (51 605 студент) көп окуйт.


Казакстандан  1985, Орусиядан 1672, Тажикстандан 1595 студент билим алууда.


КМШ мамлекеттеринен сырткары Индиядан келген 14 миңден ашык студент бар. Андан кийинки орунда Пакистан (7498), Ооганстан (274) турат. 


Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин билдиргендей, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 232 миң студент окуп жатат. Анын 82 миңи чет элдиктер. (TSh)




 

Читайте на сайте