World News in Kyrgyz

Бишкекте беш дарыгер камакка алынды

Бишкектин Ленин райондук соту 30-декабрда “кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткаруу” беренесине шектелип кармалган беш дарыгерди 10-январга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу соттон кабарлашты.


Маалыматка ылайык, ушул иш боюнча дагы бир дарыгердин бөгөт чарасы каралып, үй камагы тандалды. Эне жана баланы коргоо  борборунун дарыгерлери Кылмыш жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен шектелип кармалган.


Азырынча күч органдары окуянын чоо-жайын толук маалымдай элек.


Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз профсоюзунун жетекчиси Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасында президентке кайрылуу жазды. Анда дарыгерлер ноябрда ооруканада каза болгон баланын өлүмү үчүн камакка алынганын, анын жакындары жогорку кызмат адамдары экенин билдирди. Ал дарыгерлер камалганы алгачкы жолу болуп жатканын айтып, медициналык кызматкерлерге басым жасалбашы керек экенин белгилеген. (TSh)




 

Читайте на сайте