World News in Kyrgyz

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болду

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп дайындалды.


Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 12-январда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.


Былтыр августта Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев кызматтан алынгандан бери бул орун бош турган.


Эркинбек Осоев 2021-жылы августта транспорт жана байланыш министри болуп дайындалып, былтыр октябрда кызматтан алынган. (TAb)




 

Читайте на сайте