World News in Kyrgyz

Көк бөрү: Жогорку лигада “Ынтымак” жеңүүчү болду

Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште Жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү болду.


Команда финалда Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасын 5:0 эсебинде жеңди. Оюн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өттү. Бул лигада 3-орунду Оштун “Достук” командасы ээледи. Оштон келген көкбөрүчүлөр кечээ, 20-мартта Таластын “Алтын-Алянс” командасын 11:3 эсебинде утуп алган.


Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 13-мартта башталган. Оюндар төрт лигада өтүп, ага 37 команда катышты. 1-лигада Жалал-Абаддын “Жаштык командасы чемпион болду. Команда финалда Бишкектин “Четинди” командасын 7:2 эсебинде утуп алды.


2-лигада финалда Бишектин “Көк-Жал” командасы Чүйдүн “Кара-Балтасын” 5:1 эсебинде утту. 40 жаштан жогоркулар арасында “Жети-Дубан” командасы “Сары-Өзөндү” 4:3 эсебинде жеңди. 2-лиганын оюндары быйыл негизделди. Мелдештин байге фонду 7 млн. сом экени айтылууда. (ECh)




 

Читайте на сайте