World News in Kyrgyz

22-мартта айрым жерлерде жаан жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 22-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.


Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,


Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,


Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,


Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15,


Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11,


Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…+1


Бишкекте түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 14…16° градус болот. (TAb)

Читайте на сайте