World News in Kyrgyz

Түркияда зилзала курмандыктары 50 миңден ашты

Түркияда февралдагы зилзаланын курмандыктары 50096 кишиге жетти. Жараат алгандар 107 миңден көбүрөөк. Бул тууралуу 20-мартта өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Юнус Сезер билдирди.


Анын айтымында, имараттардын курулушун көзөмөлдөөгө жооптуу жана курулуш тармагына тиешеси бар 300дөн ашуун адам кармалган.


6-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында сегиз баллга жакын жер титиреген. Ондогон шаар-кыштактар кыйраган. Зилзала Түркияга чектеш Сирияда да сегиз миңден көп кишинин өмүрүн алды.




 

Читайте на сайте