World News in Kyrgyz

Пакистандагы кол салууда 11 адам набыт болду

Пакистандын Аббатадаб шаарында автоунаага жасалган куралдуу кол салууда 11 адам набыт болду. Арасында Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Хавелиан аймагынын төрагасы Атиф Мунсиф Жадун да бар.


Полиция чабуулду ким уюштурганы азырынча белгисиз экенин билдирди.


Күч кызматкерлери бул кол салууга Жадундун үй-бүлөсүндөгү чыр-чатак себеп болушу ыктымал экенин белгилешүүдө.


Пакистандын маалымат каражаттары каза болгондордун төртөө Жадундун үй-бүлөсүнүн жансакчылары экенин жазышты.


Жадун былтыркы шайлоодо аймактын төрагалагына көз карандысыз талапкер катарып катышып уткан. Кийинчерээк "Техрик-е Инсаф" партиясына кошулган.




 


 

Читайте на сайте