World News in Kyrgyz

Аба ырайы: өткүн өтөт

22-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.


Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;



Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;



Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 градус жылыйт.



Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 32…34° жылуу болот.

Читайте на сайте