World News in Kyrgyz

Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен жаран табыла элек

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен 68 жаштагы жаранды издөө уланып жатканын билдирди. Мекеменин билдиришинче, кырсык Куланак айылындагы насостук станциянын башкы курулмасында 2-июлда, күндүзгү саат 3төн өткөндө болгон.



"Суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жатканда экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар сууга кирип кеткен. Ошол күнү Нарын шаарынан жана райондон беш куткаруучу издөөгө чыккан. Ал күнү түн кирип кеткенине байланыштуу издөө токтотулуп, 3-июлда кайра уланып жатат. Кошумча маалымат берилет",-деп жазылган министрлик тараткан кабарда.



Кыргызстанда былтыр жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.




 

Читайте на сайте