World News in Kyrgyz

4-июлдун аба ырайы

4-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.


Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.


Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33



Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25



Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25



Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 30…32° жылуу болот.

Читайте на сайте