World News in Kyrgyz

28-июлдун аба ырайы

Кыргызгидромет кабарлагандай, 28-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.


Абанын температурасы:



Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 29…34;



Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;



Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 31…36;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;



Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;



Бийик тоолуу райондордо 0…5, күндүз 8…13° болот.



​Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 30…32 болот.




 

Читайте на сайте