"Ынтымак" телеканалы УТРКга өткөрүп берилди
Оштогу “Ынтымак” коомдук-аймактык телерадио компаниясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Улуттук телерадиоберүү корпорациясына (УТРК) өткөрүп берилди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү токтому 24-июлда чыккан. Ага ылайык “Ынтымак” телеканалынын штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары УТРКга берилет. Токтом жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз, өзбек жана орус тилиндеги берүүлөр менен обого чыккан “Ынтымак” телеканалы 2012-жылы алгач радио журнал болуп, жыл аягында телеканал катары иштей баштаган.
Радионун түптөлүшүнө Ош, Жалал-Абаддагы 2010-жылдагы Июнь коогасы түрткү болгон. Анын кызматкерлерине кандуу окуяларды баштан кечирген элдин өз ара ишенимин кайра бекемдөө, ынтымакка чакыруу, бириктирүү милдети жүктөлгөн. (BTo)