World News in Kyrgyz

Беларуста Тихановскийлердин батири аукциондо сатылды

Бозгундагы беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен анын түрмөдөгү күйөсү Сергей Тихановскийдин Минскидеги үч бөлмөлүү батирин бийлик аукциондо 80 миң долларга сатты. Бул тууралуу "Зеркало" басылмасы жазды. Аукцион 13 саатка созулган.


Маалыматка караганда, бул баага батирдин ичиндеги ашкана эмеректери, техникасы жана башка буюм-тайымдар да кирген.




Тихановскийлердин батири 2022-жылдын сентярь айында камакка алынган. Популярдуу блогер, Ютубдагы "Жашоо үчүн мамлекет" долбоорунун негиздөөчүсү Сергей Тихановский жапырт башаламандык уюштуруу, кастыкты козутуу, Боршайкомдун ишине тоскоолдук жаратуу деген айыптардын негизинде кармалган.


2021-жылдын соңунда 18 жылга эркинен ажыратылган. Атайын кызмат аны "терррордук ишмердүүлүккө тиешеси бар" адамдардын тизмесине кошкон. Быйыл февралда Тихановский жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин талаптарына баш ийбегени үчүн кошумча бир жарым жылга кесилген.


Светлана Тихановская 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого каршы өз талапкерлгин койгон. Көз карандысыз адистердин эсебинде шайлоодо Тихановская реалдуу жеңүүчү болгон. Ал шайлоодон көп өтпөй өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ага каршы бир катар айыптар боюнча кылмыш иши козголуп, сыртынан 15 жылга кесилген.




 

Читайте на сайте