Ысык-Көлдө кырсыктан кийин 200дөн ашык эс алуу жайы текшерилди
Чолпон-Ата шаарында эки адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин атайын жумушчу топ 229 курорттук-ден соолукту чыңдоочу жайды, 1096 жеке секторду, 29 суу транспортун, беш суу аттракционду текшерди.
Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясы билдирип, жыйынтыгында эреже бузуу боюнча 25 факты аныкталганын жана материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырылганын кошумчалады.
23-июлда 16 жаштагы бала Чолпон-Атада эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп баратып “таблетка” жанындагы теплоходго урунган. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз жаракат алып, 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада дарыланууда.
Кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү 26-сентябрга чейин мыйзамдуу өкүлүнүн көзөмөлүндө болот. Жабырлануучулар катердин айдоочусун айыптоодон баш тартышкан.
Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди. (BTo)