"Вагнердин" ордун баскан "Африка корпусу", Кремлдин акталбаган үмүтү
Өткөн дем алышта беттерин чүмбөттөгөн орусиялык жүздөгөн аскер Малидеги Кидал шаарынан чыгып кетишти. Алар артында курал-жарак, ок-дары сакталган кампаларды, атып түшүрүлгөн тик учагын калтырып кетти. Орус Коргоо министрлигинин жалданма тобу же “Африка корпусунун” келечеги бүдөмүк кала берүүдө.