25 марта 2026 года
World News in Kyrgyz
Март
2026
26
27
28
29
30
31

Все новости

Azattyk.org 

Эл артисти, театр жана кино актеру Абдыкалык Акматов дүйнө салды

Театр жана кино актеру Абдыкалык Акматов узак оорудан кийин 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 25-мартта анын жакындары кабарлашты. Маркумга жакында эле "Кыргызстандын Эл артисти" наамы ыйгарылган. Ардактуу наам ыйгаруу тууралуу президенттик жарлыкта актер "өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы жана маданиятка сиңирген күжүрмөн эмгеги үчүн" сыйланары жазылган. Сыйлыкты мамлекет башчынын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 20-март күнү актердун үйүнө барып, колуна тапшырган. Жарым... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Франкофония Жазы-2026" Бишкекте жана Ошто өтөт

Бүгүн 25-марттан тартып 12-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында жыл сайын уюштурулуучу франкофония иш-чарасы өтөт. Швейцариянын элчилигинен кабарлашкандай, быйылкы программа француз тилинин жана франкофония маданияттарынын көп түрдүүлүгүн жана чыгармачылыгын даңазалаган билим берүүчү, маданий, көңүл ачуучу иш-чараларды камтыйт. Бул жолку фестивалдын темасы – “Аялдар жана Франкофония”. Бардык иш-чаралар Франциянын, Швейцариянын, Бельгиянын, Румыниянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто эски мүрзөнүн ордун жашыл аймакка айландыруу аракети башталды

Ош шаарындагы эски, сүрдүрүлгөн мүрзөнүн ордуна 24-март күнү 1300 көчөт отургузулуп, жашыл зонага айландырылды. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, мурдагы шаар бийлиги эски мүрзөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында сүрдүргөн. Мэр Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди: “Бул аймакта мурда көрүстөндүн үстүнө турак жай куруу аракеттери болгон экен. Читать дальше...

Azattyk.org 

ӨКМ өлкөдө табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн экенин эскертти

Өзгөчө кыдаалдар министрлиги (ӨКМ) 31-мартка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн экенин эскертүүдө. Унаа жолдордо, айрыкча Бишкек – Ош, Балыкчы – Ананьево, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Бишкек – Торугарт, Нарын – Баетов, Ак-Тал – Казарман, Кочкор – Арал – Төө-Ашуу, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Көк-Арт, Дароот-Коргон – Чак-Жаш –Тилек жана башка унаа жолдордун бир нече чакырымдары кооптуу экени белгиленди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулукка каршы талкуу уюштурду

Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясында Людвиг Больцман институтунун колдоосу менен “Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуунун натыйжалуу механизмдери: көйгөйлөр жана субъекттердин өз ара аракеттенүүсү” темасында "тегерек стол" талкуусу өткөрүлдү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында зомбулукту алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү, профилактикалык механизмдерди өркүндөтүү, ошондой эле ченемдик-укуктук базадагы кемчиликтерди аныктоо жана жоюу маселелери каралды. Зомбулуктан жабыркагандарга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мунай, газ ташыган жүздөгөн кеме токтоп турат. Ормуз кысыгы эмне үчүн маанилүү?

23-мартта АКШ менен Ирандын ортосундагы ыктымал сүйлөшүүлөр тууралуу  карама-каршы кабарлар түшкөнү мунай менен газдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бир туруп кескин төмөндөп, бир туруп кайра кымбаттап жатты.

Azattyk.org 

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун мөөнөтү 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор кабарлады. 1-апрелден тартып күбөлүктү алмаштыруу акысы 1 389 сомду түзөт. Жарандар бул документти 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз 31-декабрга чейин алмаштыра алышат. "Унаа" мекемесинин маалыматына караганда, күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясынын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык күбөлүк жаңыртылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп Ирандагы "керектүү адамдар" менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык администрация согушту токтотууга шарт түзүүчү келишимге жетүү үчүн Ирандагы "керектүү адамдар менен" сүйлөшүү жүргүзүп жатканын шейшембиде билдирди. Трамп ирандыктар келишимге барууну аябай каалашарын белгиледи. "Биз кимдер менен сүйлөшүү керек болсо, ошолор менен сүйлөшөбүз жана алар келишим түзүүнү абдан каалашат, алар муну канчалык эңсешерин сиз элестете да албайсыз", - деди америкалык лидер журналисттер менен маектешип жатып. Трамптын сөзүнө караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Март ыңкылабынын пайдасын бийлик көрдү". Ойгонгон элдин ойрон болгон үмүтү

Быйыл Март ыңкылабына 21 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта шайлоонун жыйынтыгына, үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан эл аянтка агылган. Нааразылык мурдагы президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү менен аяктаган. Кыргызстан андан кийин дагы эки жолку элдик толкундоону баштан кечирди.