"Эмчек рагын дарылагым келет". АКШда ачылыш жасаган Сания
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-db2c-08dc74cdf9dd_cx28_cy6_cw71_w800_h450.jpg)
Кыргызстандык Сания Щинар Америкадагы Түштүк Дакота университетинин лабораториясында изилдөө жүргүзүп, эмчек рагын айыктыруу үчүн жаңы технология сунуштады. Анын жардамы менен рак клеткаларын жок кылуучу дарыны тери аркылуу жеткирсе болот.