«Сары кыздын тою». «Өрүк-Фест 2018» фестивалынан көз ирмемдер
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында үчүнчү жолу «Өрүк-Фест 2018» фестивалы өттү. Облус аймагында 3 миң гектар жерде өрүк өсөт. Жылына 9 миң тонна түшүм жыйналат. Айылдыктар аталган мөмө бышкан кезди «сары кыздын тою» деп коюшат.