Кыргызстанда азык-түлүк 17% кымбаттады
Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу күнүмдүк керектүү азык-түлүк 17,6% кымбаттады. Негизги азыктардын санасак, 2019-жылы декабрь айында - күн карама майынын литри 95 сом, картөшкө 20 сом, кой эти 308 сом, кумшекер 42 сом, уй эти 346 сом, биринчи сорттогу ундун килограммы 34 сом болгон. Ал эми 2020-жылы декабрь айында - күн карама майынын литри 146 сом, картөшкө 30 сом, кой эти 412 сом, кумшекер 54 сом, уй эти 436 сом, биринчи сорттогу ундун килограммы 39 сомду түздү. Читать дальше...