Ошто аялын, кайненесин сабаган деген адам бир айга камалды
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы аялын жана кайненесин сабаган деп шек саналып жаткан 35 жаштагы адам Кара-Суу райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен айып коюлууда. Милициянын маалыматына ылайык, 30-ноябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Мады айыл аймагынын 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 29-ноябрда күйөө баласы сабаганын айткан. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Читать дальше...