Мектепте чөнтөк телефон колдонуу тартиби тууралуу мыйзам долбоору парламент комитетинде колдоо тапты
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 23-декабрь күнкү отурумунда мектептерде чөнтөк телефондорду колдонуу эрежеси тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбоорун вице-спикер Нурланбек Азыгалиев сунуштаган. Анын сөзүнө караганда, мыйзам долбоору мектептерде балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо, билим алуусуна коопсуз жана жагымдуу шарт түзүү, мобилдик телефондорду пайдалуу колдонууну өрчүтүүнү көздөйт. "Кыргызстандагы мектептерде окуу китептеринин тартыштыгы мобилдик каражаттарга зарылчылыкты күчөтөт. Читать дальше...