Казакстанда кулаган учактагы эки кыргызстандык аман, үчүнчү жаран боюнча маалымат такталууда
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын тиешелүү органдарынан алынган маалыматтардын негизинде билдирүү таратып, Мангыстау облусунда кулаган учактагы эки кыргызстандык аман калганын, үчүнчү жаран боюнча маалымат такталып жатканын билдирди. Мунун алдында министрликтин расмий өкүлү Сабина Мухамедьянова Казакстандагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери иштеп жатканын, окуя болгон аймакка дипломаттар жөнөп кеткенин кабарлаган. Embraer 190 учагынын бортунда 67 адам, анын ичинде экипаждын 5 мүчөсү болгону маалымдалууда. Читать дальше...