Укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткенин "Азаттыкка" ырастады. Ал муну коопсуздугу менен байланыштырды. Кол телефонуна чалып, социалдык тармактар аркылуу мазактап, коркуткан адамдар пайда болгонун билдирди:
"Мен мекенимден чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок мындай түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан соң, аргасыз кетүүгө туура келди. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алганмын... Читать дальше...