Министрлик бардык бала бакчаларга видео камералар орнотуларын билдирди
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 30-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстанда бардык бала бакчаларга видео камералар орнотуларын кабарлады. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта өлкөдөгү бала бакчалардын 67% видео көзөмөл бар. Калган 37% орнотуу маселеси каралып жатат. “Видео көзөмөлдү орнотуп эле отуруп калбай биз Ички иштер министрлиги менен да сүйлөшүп атабыз. Кийин видео камералар “Коопсуз шаар” деген долбоор менен интеграцияланат. Бала бакчада эмне болуп жатканы көзөмөлдө турушу керек”... Читать дальше...