“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, беш жылга эркинен ажыратылган Азамат Ишенбеков №8 абакта жазасын өтөйт. Мындай чечимди Жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясы 31-декабрда кабыл алганын адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди.
Анын сөзүнө караганда, 2025-жылдын 9-январында конвойлор Азамат Ишенбековду этап менен №8 мекемеге которот. Ал ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.
Алты жылга кесилген журналист, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына которулган. Читать дальше...