Ош шаарында оорукана өрттөндү
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, 6-январь күнү саат 8:00 чамасында Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан кургак учукка каршы оорукана өрттөнгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы беш күжүрмөн бөлүк тартылып, саат 8:30да өрт чектөөгө алынган. Учурда (саат 10:05ке карата) өрт толук өчүрүлдү. Ош шаардык өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, тилсиз жоодон оорукананын административдик бөлүмү, жалпы 468 чарчы метр жер күйгөн. Адамдардан жабыркагандар жок. Читать дальше...